Түрк басма сөзү 23.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1871095
Түрк басма сөзү 23.08.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Максатыбыз Путин менен Зеленскийди жолгуштуруу» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту тынчтык жолу менен бүтүрүү үчүн бардык аракетин жасап жатканын айтканын билдирген. Эки өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Максатыбыз Путин менен Зеленскийди Түркияда жолугуштуруп, кризисти түп-тамырынан бери чечүү»,-деди.

«Ватан» гезити «Акар: Жакынкы күндөрдө эгин ташуулар дагы да көбөйөт» аттуу маалыматында Украина портторунан дан эгиндерин ташуунун улантылып жатканын билдирген. Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 1-августтан бери Украина портторунан 721 миң 449 тонна дан ташылганын кабарлады. Акар жакынкы күндөрдө мунун дагы да көбөйө турганын айтты.

«Стар» гезити «Боррель: Дан эгиндерин ташуу Түркиянын негизинде ишке ашып жатат» аттуу кабарында Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Түркиянын аракетинен улам Украина портторунан дан коридорунун ачылганын билүү керектигин маалымдаганын жазган. Боррель: «Биз айтып жаткан эгин 20 миллион тонна. Дүйнөдө 20 миллион тонна дан, күн карама тосулуп калса, бул кээ бир адамдар тамак жей албай калат дегенди туюнтат»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Немистер чечимди Трабзондон тапты» аттуу маалыматында Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам Европанын чоң энергетикалык сыноодон өтүп жатканын билдирген. Өзгөчө кыш мезгилинде Германия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө жаратылыш газынын тартыштыгы болоору болжолдонууда. Немистер болсо чечимди Трабзондон табышты. Электр жылыткычтарын чыгарган ишкана өзгөчө Европа өлкөлөрүнөн келген заказдардын көбөйүшүнө байланыштуу күнүмдүк өндүрүшүн 300 жылыткычтан 700гө чейин көбөйттү. Швеция, Нидерландия жана Францияда да алдын ала буйрутмаларды бере баштады.

«Хүррийет» гезити «Түркияга келген туристтердин саны 53 пайызга өстү» аттуу кабарында Түркияга июль айында келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 52,84 пайызга өсүп 6 миллион 665 миң 129га жеткенин жазган. Июль айында эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн рейтингинде Германия 14,43 пайыз менен биринчи, Орусия 11,12 пайыз менен экинчи, Британия 8,19 пайыз менен үчүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар