Түрк басма сөзү 5.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1863956
Түрк басма сөзү 5.08.2022

«Стар» гезити «Министр Чавушоглу: Түркия катары аракеттерибизди улантабыз» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээки билдирүүсүндө: «Орусия-Украина согушу башталгандан бери Түркия аябай аракет кылууда. Биз бул жагынан аракеттерибизди улантабыз»,- дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Песковдон дан коридору билдирүүсү: Эрдогандын салымы чоң» аттуу маалыматында Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кечээки билдирүүсүндө 22-июлда Стамбулда кол коюлган дан коридору келишимине токтолуп: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын жеке салымы чоң»,- дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Караисмаилоглу: Максатыбыз Түрксат 6Аны 2023-жылдын экинчи чейрегинде космоско учуруу» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу: «Максатыбыз 2023-жылдын экинчи чейрегинде Түрксат 6Аны космоско учуруу. 2023-жылы Түрксат 6Аны космоско учурганыбызда, Түркия космосто өз спутниги менен өкүлдүк кылынган 10 өлкөнүн бири болот» дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Ата мекендик унаа TOGGдон билдирүү» аттуу маалыматында ата мекендик унаа TOGGдун Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө, «Гемлик кампусубузда орнотулган биринчи TruGo заряддоочу аппараттарыбызды сынай баштадык. Аппарат 25 мүнөттүн ичинде 80 пайыздык батарея зарядын камсыз кылды»,-деп айтылганын жазган.

«Сабах» гезити «Берилгендик Хасан» фильми Францияда абдан жактырылды» аттуу кабырында режиссер Семих Капланоглунун сыйлыкка татыган «Берилгендик Хасан» тасмасы Францияда көрүүчүлөргө тартууланганын билдирген. Өлкөнүн алдыңкы медиа органдары тасмага жогору баа беришти.



Тектеш кабарлар