Түрк басма сөзү   22.07.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1857960
Түрк басма сөзү   22.07.2022

«Хүррийет» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңеши террор менен күрөшүүгө басым жасады» деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ борбор шаар Анкарада болгон Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин жарыяланган билдирүүдө Террор менен күрөшүү операциялары тууралуу маалыматтын берилгендиги, көрүлө турган чаралардын сүйлөшүлгөндүгү жана Грециянын көкүтүүчү кыймылдарын күчөтүү менен улантуусунун кабыл алынгыс экендиги айтылды.

«Стар» гезити «Министр Чавушоглунан Духок билдирүүсү» деп жазып, Ирактын Духок аймагында болгон кол салуу тууралуу кечээ маалымат берген Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Түрк куралдуу күчтөрүнөн алган маалыматтарга караганда  жарандарга карата эч бир кол салуубуз болгон эмес»,- дегенин  белгилеген.

«Сабах» гезити «Дүйнө банкынан Эмине Эрдоганга «Климат жана өнүгүү лидерлиги сыйлыгы» деген маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоганга «Таштандыларды жок кылуу»  долбоору менен климат тууралуу көрсөткөн жол башчылыгынан улам Дүйнөлүк банк тарабынан биринчи жолу берилген «Климат жана өнүгүү лидерлиги сыйлыгынын» тапшырылгандыгын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Аккуюда акыркы реактордун пайдубалы түптөлдү» деп билдирип, Мерсиндин Гүлнар районунда курулушу улантылып жаткан Түркиянын алгачкы атомдук станциясы Аккуюда төртүнчү жана акыркы реактордун пайдубалы азем менен түптөлгөндгүн кабарлаган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Республиканын 100 -  жылдыгына карата ачыла турган станциянын бүгүнкү абалы менен дүйнөнүн эң ири курулуштарынын бири экендигин айтты.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар АКШ басма сөзүндө» деп кабарлап, жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппраттарынын дүйнөнүн күн тартибинен түшпөгөндүгүн белгилеген. Американын Wall Street Journal гезити   «Дрондор, учкучсуз деңиз аппараттары Түркияны курал өнөр жайы үчүн күч борбору кылды» деген темада кабар жарыялады.



Тектеш кабарлар