Түрк басма сөзү 17.06.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1844710
Түрк басма сөзү 17.06.2022

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Германияга жооп» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгичтин Германиянын тышкы иштер министрлигинин катчысынын Грецияга ээ чыккан, Түркияны бутага алган билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Билгич : «Немис катчысынын өлкөбүздүн аба мейкиндигин бузган, учактарыбызга кысым көрсөткөн тарап Греция болгонуна карабастан Германиянын басма сөз катчысынын өлкөбүзгө карата негизсиз дооматтарды айтуусу кабыл алынгыс»,-деди.

«Стар» гезити «Министр Акар грек кесиптеши Панагиотопулос менен жолугушту» деп билдирип, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Грециянын коргоо министри Никос Панагиотопулос менен жолугушкандыгын белгилеген. Жолугушууда «Учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн байланыш каналдарын ачык кармоо, позитивдүү күн тартибине көңүл буруу, мунун жакшы коңшулук мамилелер жана  эки тараптуу, аймактык кызматташтыкка кошо турган салымы,чыңалуунун түшүрүлүшү үчүн диалогду улантуунун маанисине» токтолушкандары маалымдалды.

«Ватан» гезити «Министр Муш : бул жылы экспорт максатыбыз 250 миллиард доллар» деп жазып, Соода министри Мехмет Муштун кечээ берген билдирүүсүндө : «Түркия катары өткөн жылы 225 миллиард долларлык  товар экспорттодук. Быйылкы максатыбыз 250 миллиард доллар жана андан жогору. Бул максатка карай бекем кадамдар менен бара жатабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Орустардын Түркияда эс алуу талабы өсүп баратат» деген макаласында Орус тур операторлор биримдиги АТОР өлкөдө Түркияда эс алууга болгон суроо-талаптын өскөндүгүн билдирип,  Москвадан кийинки 2-3 күндүн ичинде Анталияга учак билетин табуунун мүмкүн болбогонун билдирди.

«Сабах» гезити «Круиздер Бодрумга 1411 жүргүнчү алып келди» деген кабарында 323 метр узундуктагы Италия желектүү "Costa Venezia" аттуу круиздик кеменин Бодрумга төртүнчү жолу келгендигин жазган. Эң көп  немис, италиян, испаниялык жана португалиялык туристтерден турган 1411 жүргүнчүнү алып келген кеме Бодрум портуна якорь таштады.



Тектеш кабарлар