Түрк басма сөзү 30.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1834649
Түрк басма сөзү 30.05.2022

«Сабах» гезити «Эрдогандан абдан ачык террор билдирүүсү: Бир түнү биз алардын төбөсүнөн түшөбүз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга карата ыктымалдуу операция тууралуу: «Сириянын түндүгүнөн Түркияга жасала турган кичинекей кол салууну да жоопсуз калтыруу мүмкүн эмес. Бир түнү биз алардын төбөсүнөн түшөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган биринчи көчөттү отургузду» деген кабарында президент Эрдогандын Стамбулдун каралышынын 569 жылдыгында Түркиянын эң чоң, дүйнөнүн 5-кеңири сейил багы «Ататүрк» аэропортунун улут бакчасынын көчөт отургузуу аземине катышканын маалымдаган. Ал жерде алгачкы көчөттү президент Эрдоган отургузду.

«Хүррийет гезити «Тышкы иштер министрлиги: Месжид-и Аксага кирип баруу-абалды ачык бузуу» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин Месжид-и Аксага кирип барууларга байланыштуу:«Израиль парламентинин депутаты Итамар Бен-Гвир жана фанатик жөөт топторунун Израиль полициясынын коргоосу астында Месжид-и Аксага кирип баруусу абалды (статус-кво) ачык бузуу болуп саналат»,деп билдиргенин баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Пападан Эрдоганга мактоо: Анын аракетин баалайбыз» деген кабарында Түркиянын Ватикандагы элчиси Лүтфулла Гөкташтын президент Эрдогандын Украина менен Орусиянын ортосундагы элдештирүү аракетин католиктердин руханий лидери жана Ватикандын мамлекет башчысы Папа Франциск тарабынан жогору бааланганын билдиргенин маалымдаган.

«Хабертүрк» гезити «Шазие Эрдоган: Менин максатым Олимпиада медалы» деген кабарында чоңдор арасындагы Европа чемпионатында 3 алтын медалга ээ болгон дүйнө чемпиону улуттук оор атлетчи Шазие Эрдогандын: «Медалдарыма жаңы медалды кошкум келет, Олимпиада медалы ар бир спортчунун кыялы»,-деп айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар