Түрк басма сөзү 22.04.2022
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Турковак миллиондогон кишиге шыпаа болууда» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Ковид - 19 эпидемиясы мезгилинде вакцинага биринчи болуп жетишкен саналуу өлкөлөрдүн арасында орун алгандыгын, ошол эле учурда мезгили менен өз вакцинасы Турковакты чыгарып, дүйнөдөгү абалын дагы да бекемдегендигин айтты. Эрдоган : «Түрковак дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү миллиондогон адамга шыпаа булагы болууда»,- деди.
«Сабах» гезити «Чеңгел – Кулпу террордун белин сындырды, кезекте Кандил бар» деп жазып, Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел - Кулпу» операциясы менен террордук уюмду курчоого алган түрк куралдуу күчтөрүнүн алдыга жылууну улантып жаткандыгын жазган. Кезектеги бутанын уюмдун негизги штабы Кандил менен Гара аймагы экендиги белгиленди.
«Хабер түрк» гезити «Акар : максатыбыз террорду булагында жок кылуу» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын ПККга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел - Кулпу» операциясынын террорду булагында жок кылуу максатында экендиги белгиленди. Акар : «Башта Ирак жана башка бардык коңшуларыбыздын жеринин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы жана эгемендигине сый көрсөтөбүз»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Түркиядан Иракка нота» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгичтин «Чеңгел - Кулпу» операциясы тууралуу Ирак мекемелери тарабынан берилген билдирүүлөрдөн улам тынчсыздануулар тууралуу Ирактын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү адамына нота берилгендигин маалымдаган. Билгич : «Ирак тарабынан күтүүбүз министрлигибизге чакырылган Ирактын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү адамына билдирилип, көз карашыбызды билдирген бир нота берилди»,- деди.
«Стар» гезити «Кызылелма МИУС дүйнө тарабынан жакындан иликтенүүдө» деп билдирип, жаңы муундагы технологиялары менен Түркиянын күчүн бекемдей турган Байрактар Кызылелма согуштук учкучсуз учак системасы (MİUS) бүткүл дүйнө тарабынан жакындан иликтенип жаткандыгын кабарлаган. Байрактар MİUS Cube Software тарабынан иштелип чыккан Modern Warships аттуу оюнга жаңы жаңыртуу менен катышты. Төмөн радар изинин жардамы менен татаал миссияларды ийгиликтүү аткара алат. 5 саат абада кала алары болжолдолгон Кызылелманын 2023 - жылы учушу пландалууда.