Түрк басма сөзү 15.04.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1812755
Түрк басма сөзү 15.04.2022

«Хүррийет» гезити «Орчундуу сүйлөшүүдө тынчтыкка басым жасалды» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Австриянын премьер  - министри Карл Нехаммер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Эрдоган сүйлөшүүдө Украинадагы согушта адамзаттык трагедияны акырына чыгаруу жана ок атышпоонун түзүлүшү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктүн пайдаланылышы, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө алдыга жылуу үчүн Стамбул процессинин колдоого алынышы керектигин айтты. Эрдоган тынчтык жолу менен чечүүнү жактаган аракеттердин улантыларын белгиледи.

«Стар» гезити «Словакия Байрактар ТБ 2лер үчүн аракетке өттү» деп жазып, дүйнөдө атынан сөз кылдарган түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар ТБ 2ни  дагы бир өлкөнүн талап кылгандыгын белгилеген. Словакиянын коргоо министри Байрактар ТБ 2ни сатып алуу үчүн Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгын жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан көгүлтүр мекен кыймылы» деген макаласында Түркия эл аралык сооданын жана транспорттогу интеграциянын ачкыч жерлеринен деңиз жолдорундагы порт комплекс санын 2053 -  жылга чейин 217ден 255ке жогорулатууну максат кылып жаткандыгын кабарлаган. Өзгөчө «Жашыл порт» ишке ашыруусу кеңейтилип, порттордо жогорку катнашта жаңыланууга боло турган энергетика булактарынын колдонулушуна шарт түзүлөт.

«Хабер түрк» гезити «Машина экспортунда рекорд» деп билдирип, Түркиянын машина экспорту биринчи чейректе 6,1 миллиард доллар менен рекорд койгонун жазган.  Биринчи чейректе жалпы экспорттун 5 пайыздан ашыгы согушка карабастан Россия жана Украинага жасалса, Германия менен АКШга 1 миллиард доллардан ашуун продукция жөнөтүлдү.

«Ватан» гезити «Стамбул дүйнөнүн эң кооз шаарларынын арасында» деген маалыматында  2021 -  жылдын эң кооз шаарларынын тизмеси жарыялангандыгын кабарлаган. Шаарлардын тизмеси коронавирус менен күрөшүү, инфраструктурасы, туруктуулугу, экономикасы, туристтерди тартуу жана тургундарынын турмуштук сапатын сактоо менен туристтерди тартуу жана тосуп алуунун кыйынчылытары менен күрөөшүүсүнө көңүл бурулуу менен даярдалды. Британиядагы  Euromonitor изилдөө фирмасы тарабынан даярдалган тизмеге Стамбул да кирди.



Тектеш кабарлар