Түрк басма сөзү  1.4.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1805547
Түрк басма сөзү  1.4.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Зеленский менен сүйлөштү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө Россия жана Украина делегацияларынын Стамбулда өткөргөн сүйлөшүү жыйынын карап чыгышты. Сүйлөшүүдө Эрдоган Зеленский менен Россиянын президенти Владимир Путин саммитин өткөрүү сунушун кайталады.

«Сабах» гезити «Чавушоглунан Украинанын кепилдик сунушу тууралуу билдирүү» деп жазып, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Украинанын Түркияны кепил өлкөлөрдүн арасында көргөндүгүн жана мунун Россия тарабынан да кабыл алынгандыгына токтолуп : «Россиянын да буга макул болушунун себеби башынан бери бул сүйлөшүү процессинде да бат  - бат айтканыбыздай эки өлкөнүн Türkiyeге ишеничи, Türkiyeни объективдүү, тең салмактуу, тынчтыкты каалаган өлкө катары көрүүлөрүндө»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Румыния министринен Türkiyeге мактоо»  деген макаласында Румыниянын транспорт жана инфраструктура министри Гриндеанунун Türkiyeнин дипломатиялык аракеттеринин натыйжасында Россия менен Украинанын сүйлөшүү делегацияларынын Стамбулда жолугушкандыгына байланыштуу : «Türkiyenin акыркы күндөрдө абдан жакыныбызда болуп жаткан согушту акырына чыгаруу үчүн көрсөткөн аракеттерин баалаймын»,- деди.

«Ватан» гезити «Экспорт сандары билдирилди» деп белгилеп, Türkiyeнин экспорту февраль айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 25, 4 пайызга өсүп, 20 миллиард 4 миллион доллар, импорту 44, 5 пайызга өсүп, 27 миллиард 885 миллион доллар болуп ишке ашкандыгын жазган.

«Стар» гезити «Эвин Демирхан Явуз Европа чемпиону болду» деген кабарында Венгрияда өткөн Европа күрөш чемпиондугунда аялдар 50 килограммда алтын медалга жетишип чемпион болгондугун маалымдаган.



Тектеш кабарлар