Түрк басма сөзү 17.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1797179
Түрк басма сөзү 17.03.2022

 «Сабах» гезити «Эрдоган биргелешкен маалымат жыйынында: 24-марттагы тарыхый саммитти жарыялады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада Польшанын президенти Анджей Дуда менен биргелешкен маалымат жыйынөткөргөнүн маалымдаган. Эрдоган маалымат жыйынында 24-мартта Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган НАТОнун лидерлер саммитине катыша турганын жана бул тема боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандарын айтты. Саммитте Орусия менен Украинанын ортосундагы процесс каралат.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен жолугушту» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушканын маалымдаган. Мариуполдо эвакуация иштеринин уланып жатканын белгилеген Чавушоглу, ушул убакка чейин 15 миңден ашуун түрк жаранынын эвакуацияланганын айтты.

«Ватан» гезити «Министр Акар Канаданын коргоо министри менен жолукту» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесинде Канаданын коргоо министри Анита Ананд менен жолугушканын билдирген. Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык боюнча пикир алмашылды.

«Йени шафак» гезити «Министр Дөнмез: 2030-жылы жолдорубузда бир миллион электр же гибрид унааны көрөбүз» деген кабарында  Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез кечээги билдирүүсүндө, 2030-жылы Түркияда болжол менен бир миллион электр же гибрид унаанын жолдордо боло турганын жана бул үчүн инфраструктуранын күчтөндүрүлүшү керектигин айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Ата мекендик TURKOVAC вакцинасынан сыймыктандырган ийгилик» деген кабарында жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы ата мекендик вакцинаны иштеп чыккан Эржиес университетинин Вакцинаны изилдөө жана өнүктүрүү Колдонуу жана изилдөө борборунун директору, профессор Айкут Өздаренделинин TURKOVAC вакцинасынын Ковид-19дун Omicron вариантына каршы да олуттуу коргоочу экенин аныкташкандарын айтканын маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар