Түрк басма сөзү 14.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1794808
Түрк басма сөзү 14.03.2022

"Хүррийет" гезити: «Президент Эрдоган Грециянын премьер-министри Мицотакис менен жолугушту» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен жолугушканын жазган. Жолугушууда Түркия-Греция карым-катнаштары менен бирге учурдагы геосаясий окуялар жана Орусия-Украина согушуна байланыштуу маселелер каралды.

"Хабер түрк" гезити : «Бириккен Улуттар Уюму президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Гутерриш Эрдоганга Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук аракеттери, тынчтыкка салым кошуу иштери жана дипломатиялык демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сабах" гезити: «Чавушоглу: Өлкөбүзгө болгон ишеним ачык-айкын» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Анталья дипломатия форумунан кийин жасаган билдирүүсүндө Орусия-Украина согушуна байланыштуу баа берип: «Эки тараптын тең бул жыйынга биздин да катышуубузду атайын суранышы өлкөбүзгө болгон ишенимди көрсөтөт»,-дегенин жазган.

"Йени шафак" гезити: «Алтун: Өлкөбүз дүйнөнүн жүрөгү соккон жер болот» аттуу маалыматында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун Түркиянын алдыдагы мезгилде дипломатиялык жана стратегиялык жактан дүйнөнүн жүрөгү соккон жер болорун белгилегенин жазган. Алтун кечээки социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Түркиянын акыркы бир жумада дипломатиялык сүйлөшүүлөрү менен стратегиялык таасирин, дүйнөдөгү геосаясий жана геоэкономикалык маанисин көрсөткөнүн айтты.

"Стар" гезити: "Фрэнсис: Биз Түркиядан үйрөнгүбүз келет" аттуу кабарында кечээ ADFде билдирүү жасаган жана Түркиядагы технологиялык жана инфраструктуралык өнүгүүлөрдөн абдан таасирленгенин билдирген Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Дэвид Фрэнсис: «Биз Түркиядан үйрөнгүбүз келет. Түркияга келип, Түркиянын бир четинен экинчи четине барганда инфраструктурадагы жылыштарды көрөсүң"- дегенин жазган. 



Тектеш кабарлар