Түрк басма сөзү 24.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1784348
Түрк басма сөзү 24.02.2022

«Йени шафак» гезити «Путиндин буйругунан кийин Донбасста аскердик операция башталды» аттуу маалыматында Орусия-Украина кризисинде күтүлгөн басып алуу аракети башталганын маалымдаган. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Украина лидеринин биринчи билдирүүсү: Өзүбүздү коргойбуз, кол салбайбыз» аттуу маалыматында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Орусиянын Донбасстагы аскерий операциясы тууралуу: «Эгер биздин өмүрүбүзгө, эркиндигибизге жана балдарыбызга кол салуу болсо, биз өзүбүздү коргойбуз, кол салбайбыз, өзүбүздү коргойбуз»,- деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «THYден жарыя! Украинага аба каттамдары токтотулду» деген кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) башкы директору Билал Экшинин : «Украина аба мейкиндигинин жабылышынан улам бүгүн Украинага болгон бардык каттамдарыбыз токтотулду»,-дегенин берген.

«Стар» гезити «Эрдогандын 40 сапарын тыкыр текшеришти» деген макаласында француз саясий жана кабар журналы Le Point президент Режеп Таййип Эрдогандын Африка сапарлары тууралуу макала жарыялаганын жазган. Макалада Эрдогандын 2005-жылдан бери премьер-министр жана президент катары Африкага кырк чакты сапары болгону, ал эми Африка континенти менен соода көлөмүнүн 2 миллиарддан 25 миллиард долларга жеткени белгиленген.

«Сабах» гезити «Түркиядан Грецияга нота» деген кабарында Тышкы иштер министрлиги Грециянын Анкара элчилигинин кеңешчисине телефон чалып, Грециянын Жээк коопсуздук кызматынын кечээки түрк жарандарын жарадар кылган окуяга байланыштуу нааразылык нотасын бергенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар