Түрк басма сөзү 26.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1768314
Түрк басма сөзү 26.01.2022

«Хүррийет» гезити «Түркиянын биринчи SİDAсы атуу сыноолорун аяктады» аттуу кабарында Түркиянын биринчи куралдуу капитансыз деңиз аппараты (SİDA) ULAQнун жаңы курал системасы менен атуу сыноолорунун аяктаганын билдирген. ULAQ жаңы алыстан башкарылуучу курал системасы менен базаларды жана портторду коргоодо кызмат кылат.

«Ватан» гезити «Министр Варанктан билдирүүлөр» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээки билдирүүсүндө, экономикалык жана технологиялык көз карандысыздыкка жеткен Түркияны курууну максат кылгандарын айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмез Кара деңиз газы үчүн дата берди: Жаңы жакшы кабар жакындап калды» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, февраль айында Сакария газ кенинин түштүк-батышында чалгындоо максатында бургулоо иштери жүргүзүлө турганын баса белгилеп: «Үмүт бар. Себеби бул аянт бири-бирине абдан окшош. Акыркы Амасра-1 кудугуна окшош чалгындоо жүргүзүлүшү мүмкүн»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Дос өлкө менен кол коюлду» аттуу кабарында Түркия менен Босния-Герцеговинанын токойчулук тармагындагы карым-катнаштарын өнүктүрүү максатында Антальяда азем менен «Бир туугандык келишимине» кол коюлганын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Фатих Арда Ипчиоглу тарыхта калды» аттуу кабарында лыжа менен секирүүдө жарышкан улуттук спортчу Фатих Арда Ипчиоглунун, ал катышкан 13 Дүйнөлүк кубок мелдешинде 9 жолу финалга чыгып тарыхта калганын билдирген.



Тектеш кабарлар