Түрк басма сөзү 21.1.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1766121
Түрк басма сөзү 21.1.2022

«Сабах» гезити «Эрдоган биргелешкен пресс  - жыйында маалымат берди» деп жазып, президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Сальвадордун президенти Наиб Букеле менен өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйынында Россия  -  Украина чыңалуусу тууралуу : «Тилегибиз эртерээк урматтуу Путин менен Украинанын президенти Зеленскийди жолугуштуруу жана бетме  - бет сүйлөшүүлөрү үчүн шарт түзүү»,- дегенин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу рум бөлүгүнө каршылык көрсөттү» деген кабарында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кипр рум башкаруусунун ПКК жикчил террордук уюмдун саясий бөлүгү болгон ПЙДге рум бөлүгүндө өкүлчүлүк ачууга уруксат бергендигине байланыштуу : «Террордук уюмдарга кеңсе ачтыруу жана коноктоо  от менен ойногонго  барабар. Бул жерде кеңсе ачууларына уруксат берип жатышат. Эртең бул жерден Түркияга кандайдыр коркунуч боло турган болсо, Кипр түрктөрүнө карата кол салуу боло турган болсо мунун чыгымы оор болот. От менен ойношпосун,  террордук уюмдар менен кызматташуу түзүшпөсүн»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Министр Кожа дүйнөдө алгачкы болот деп жарыялады» деген маалыматында министр Фахреттин Кожанын : «2 доза BioNTech вакцинасынын үстүнө 1 доза Турковак вакцинасын изилдөөнү баштайбыз. mRNA боюнча инактивдештирилген вакцина дүйнөдө биринчи болот»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк базасына 6 -  экспедиция» деп билдирип, Антарктидага эки күндөн кийин 6 -  экспедициянын жасаларын белгилеген Өнөр жай жана  технология министри Мустафа Варанктын : «Белгилүү болгондой 2017 -  жылдан бери континентке 5 илимий экспедиция  жүргүздүк. Буюрса эки күндөн кийин 20 кишилик бир топ менен 6 -  экспедицияга чыгабыз»,- дегенине токтолгон.

«Ватан» гезити  : «Англиядагы Осмон султандарынын сүрөттөрү 1 миллион 346 миң фунтка сатылды» деген маалыматында, Шотландияда бир үйдүн чатырында муундар бою бир үй - бүлөдө болгон беш Осмон султанынын майлуу боёк менен тартылган сүрөттөрү 1 миллион 346 миң фунт стерлингге (24,5 миллион лира) сатылгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар