Түрк басма сөзү 07.01.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1758719
Түрк басма сөзү 07.01.2022

«Хүррийет» гезити «Түркия Казакстан боюнча аракетке өттү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев баш болгон Түрк мамлекеттери уюму өлкөлөрүнүн лидерлери менен өткөргөн телефон аркылуу  сүйлөшүүсүндө Казакстандагы акыркы абалдар тууралуу пикир алышууларда болгонун жазган. Казакстанда жаңы өкмөттүн эртерээк түзүлүшүн жана чыңалуунун кыска убакытта акырына чыгышын  каалагандыгын айткан Эрдоган Казакстан калкынын ишеним жана диалогдун негизинде  маселени чечерине ишенгендигин айтты.

«Сабах» гезити «Улуттук аскердик учагы 2023 -  жылы ангардан чыгат» деп билдирип, президент Эрдогандын улуттук реактив тууралуу билдиргенине токтолгон. Эрдоган «Улуттук аскердик учагыбызды 2023 -  жылы ангардан чыгарып бүткүл дүйнөгө көрсөтөбүз. Сокку күчтөрүбүз 2025 -  жылы алгачкы учушун ишке ашырат. 2029 -  жылы да асмандагы ордун алат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия учкучсуз аба аппараттарын өндүрүүдө биринчи үч өлкөнүн ичинде» деген макаласында президент Эрдогандын ата мекендик абадан коргоо системаларында азырынча ХИСАРларды чыгарышкандарын, жакында СИПЕРлерди да жасап бүтүшөрүн айтканын маалымдаган. Эрдоган Түркиянын учкучсуз аба аппараттарын чыгарууда дүйнөдө биринчи  үч өлкөнүн ичинде экендигин белгиледи.

«Стар» гезити «Түркиядан Израиль тууралуу билдирүү» деген маалыматында Тышкы иштер министрлигинин оккупациядагы  Чыгыш Иерусалимде 3557 жаңы отурукташуу жерин камтыган 5 отурукташуу планын бекиткен Иерусалим муниципалитетинин Аймактык пландоо жана курулуш комитетин айыптагандыгын билдирген.

«Йени шафак» гезити «78 облус экспортун өстүрдү» деп билдирип, Түркиянын 225  миллиард долларлык 2021 -  жылдагы экспорт ийгилигинин артында «Анадолу жолборстору» деп билинген долбоордун чоң салымы бар экендигине токтолгон. 78 облус экспортун өстүрдү. 48 облус болсо жылдык экспорт рекордуна жетишти. 4 миллиард долларлык экспорт кылган Хатайда болот соодасы алдыңкы планда. 1, 3 миллиард доллар менен Кахраманмарашта текстиль жана темир ийгиликтүү болду.

 



Тектеш кабарлар