Түрк басма сөзү 19.10.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1721663
Түрк басма сөзү 19.10.2021

«Ватан» гезити  «Эрдоган Анголада жарыялады» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Анголанын Президенти Мануэль Гонсалвес Лоренчо менен өткөргөн пресс -конференцияда Анголанын мындан мурда Түркиянын учкучсуз аба аппараттары менен куралдуу учкучсуз аба аппаратын сурагандыгын эми болсо бронетранспортерлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтканын кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Анголанын парламентинде сөз сүйлөдү» деп жазып, президент Эрдогандын кечээ Ангола парламентинин Жалпы Кеңешине кайралгандыгына токтолгон. Эрдоган : «Адамзаттын тагдырын Экинчи дүйнөлүк соушунун жеңүүчүсү болгон бир ууч өлкөнүн ырайымына калтырылбай тургандыгын жана калтырылбашы керектигин жактайбыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү коронавирус вакцинасы Turkovacта жаңы абал” деген макаласында Кайсери Эржийес университетинде чыгарылган жергиликтүү жана улуттук вакцина Turkovac  эки доза вакцина алгандарга эскертүү дозасы катары колдонула баштагандыгын жарыялган. Кайсериде бир ыктыярдууга Turkovac вакцинасы 3 -  доза катары биринчи жолу берилди.

«Хабер түрк» гезити «Антальяга келген турист саны 8 миллондон ашты» деген маалыматында бул жылы Антальяга келген турист саны 8 миллион 38 761ге жеткендигин кабарлаган. Берилген маалыматтарга караганда январь айынан ушул күнгө чейин Антальяга аба жолу менен келген турист саны өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 162 пайыздык катнашта өстү.

«Стар» гезити «Түркиянын колдоосун кубануу менен кабыл алды» деп белгилеп, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги TİKAнын Кыргызстандын Улуттук кино студиясына архивделген тасмаларын санарипке өткөрүү үчүн долбоордук колдоо көрсөткөндүгүн кабаралаган. Бул долбоорго кубанычын билдирген Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов: “Бул абдан маанилүү долбоор, биз тарыхый күндө жашап жатабыз. Эми биз эски тасмаларыбызды санариптик чөйрөдө көрүп, элибизге эң жакшы сапатта көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк таптык»,- деди.



Тектеш кабарлар