Түрк басма сөзү 09.07.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1672631
Түрк басма сөзү 09.07.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Коргоо өнөр жайына инвестицияларыбызды улантабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияны тышкы көзкарандылыктан толугу менен куткармайынча коргонуу өнөр жайына инвестицияларын уланта тургандарын айтканын баяндаган. Өткөндө тышкы көз карандылыктын запкысын тарткан өлкө экендиктерин баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын коргонуу өнөр жайынын өндүрүш кубаттуулугу дагы да жогорулайт, өлкөбүз өз максаттарына тезирээк жетет деп үмүттөнөм»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Фуат Октай: ЕБ гуманитардык кризистерде ар дайым унчукпай келген» деген кабарында вице-президент Фуат Октайдын Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин «ЕБ (Кипрде) эки мамлекеттүү чечим багытында эч качан эч нерсени кабыл албайт жана дагы кабыл албайт»деген сөзүнө байланыштуу, «Биз ЕБнин буга чейин адилетсиздикке, теңсиздикке, Жер Ортолук деңиздеги жана Эгейдеги трагедияларга жана гуманитардык кризистерге «эч качан жана эч качан» деп айтканына күбө болгон эмеспиз»,деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Акынжы TİHA (ЧУУА) тарыхка кирди, эң сонун рекорд» аттуу маалыматында жергиликтүү жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан Акынжы TİHA (Чабуулчу учкучсуз учуучу аппарат) тарыхый рекордду жаңылаганын баяндаган. Узун убакытка учуу жана Бийиктикте өнүгүү сынагы боюнча асманга көтөрүлгөн Akıncı TİHA 38,039 футка (11 594 метр) жеткенин маалымдаган. Ошентип, асмандагы бул бийиктикке улуттук деңгээлде иштелип чыккан учкучсуз учуучу аппарат менен биринчи жолу жетишилди.

«Сабах» гезити «Түркия OECD өлкөлөрүнүн арасында эң ылдам өсүп жаткан инвестициялардын бири» аттуу маалыматында Лондондо жайгашкан Түрк-Британ соода-өнөр жай палатасынын (TBCCI) президенти Алдерман Эмма Эдхем тарабынан уюштурулган жыйынга казына жана каржы министри Лүтфи Элван видео конференция аркылуу катышканын маалымдаган. Элван «Биз экономикалык көз караш, реформалоо программабыз жана өлкөбүздөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңештик. Түркия OECD өлкөлөрүнүн арасында инвестициялардын ылдам өсүп жаткан өлкөлөрүнүн бири»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия пандемиядан мурдагы абалга тезирээк кайтып бара турган төрт өлкөнүн катарына кирди» деген кабарында АКШнын JPMorgan банкы жарыялаган отчетто коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын жаңы түрүнө чейин активдүүлүк деңгээлине эң тез жете турган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жарыяланганын маалымдаган. Отчетто Түркия, Сингапур, Индия жана Бразилия эпидемияга чейинки мобилдүүлүк деңгээлине эң ылдам жете турган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында экени белгиленди.



Тектеш кабарлар