Түрк басма сөзү 04.06.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1651501
Түрк басма сөзү 04.06.2021

«Хүррийет» гезити «Түркиянын АКШдан күтүүсү» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин 14 -  июнда Бельгиянын борбор шаары Брюселде өткөрө турган жолугшуусуна байланыштуу  билдирүүсүндө кызматташуу тармактарынын талаштуу тармактардан дагы көп экендигин белгилегенин жазган. Челик АКШнын Фетуллахчы террордук уюмду коргоодон баш тартуусу жана ПКК террордук уюмунун уландысы ПЙД/ЙПГге колдоо бербеши керектигин белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары дүйнө күн тартибинде» деген макаласында Американын The Wall Street Journal гезитинин түрк куралдуу учкучсуз аба аппараты Байрактар ТБ -2ге  башкы бетинен орун бергендигине көңүлдөрдү бурган.  Гезиттин кабарында Түркияда жасалган куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын согуштук талааларын кайрадан өзгөрткөндүгү белгиленди. Байрактар ТБ  - 2нин окшошторуна караганда  аткарган иши жана финансылык ылайыктуулугуна көңүл бурулуп Сирия, Ливия жана Азербайжанда абалды өз пайдасына бургандыгы билдирилди.

«Ватан» гезити «Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда соода жана экономикалык кызматташуу» деп жазып Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда сооданын жана экономикалык кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө байланыштуу протоколго кол коюлганына токтолгон. Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн соода министри Мехмет Муш 84 миллион калктуу, географиялык абалы жана чоң масштабдуу  базары менен бүгүн бир нече эл аралык фирманын аймактык базасы болгон Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнөгө ачылган каалгасы мүнөзүндө экендигин айтты.

«Стар» гезити «Татар: Кипрде жакшы ниет жана конструктивдүү мамилени улантабыз» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татардын Түштүк  Кипр Рум тарабынын лидери Никос Анастасиадис менен онлайн режиминде сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлаган. Эрсин Татар аймактын гүлдөп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн кызматташууга карата  изденүүлөрдү жакшы ниет менен улантышарын айтып, аралда жашаган эки калктын пайдасы жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн макулдашуунун да күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Сабах» гезити «Экологиялык туризмдин жаңы дареги - Түркия» деген макаласында дүйнөдө өзгөчө орун алган экологиялык туризмдин жаңы дареги Түркия болорун маалымдаган. Токой чарбачылыгы боюнча  башкы дирекорлугунун 2021-2025-жылдарга карата иш-аракеттер планынын алкагында аныкталган 110 багыт менен жаратылышта болууну каалаган туристтер айлана-чөйрөнү, тарыхый жана маданий баалуулуктарды таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Туристтер мобилдик тиркеме аркылуу  сөзү болгон бул багыттарга бара алышат.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар