Түрк басма сөзү  05.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1634216
Түрк басма сөзү  05.05.2021

«Ватан» гезити «Мехметчик кирүүгө болбойт деген жерде» деген кабарында Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Чагылган» опрацияларында Мехметчиктин (түрк аскери) Кандил жана колдоочулары «кирүүгө болбойт» деген жана аймакта стратегиялык мааниге ээ Зендуре дөңсөөсүнө чабуулга өтүп, террористтердин база аймактарынын көзөмөлгө алынганын билдирди. Террористтер кээ кээде бул аймактардан Түркия чек арасында орун алган аскердик аймактарга кирүүгө аракет кылышууда.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын Ливияда болушу маанилүү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркиянын Ливия менен деңиз  уруксаты келишиминин алкагында Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иштерин улантып жаткандыгын белгилеп : «Грециянын бул келишимди жокко чыгаруу аракети текке кетти»,- дегенин жазды. Акар Түркиянын Ливияда болушу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги калк, карым  - катнаш жана кызыкчылыктардын  коргоого алынышы жактан маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын экспорт үй – бүлөсү чоңоюп баратат» деген маалыматында Түркиянын экспорт көрсөткүчтөрүндө ушул багытта иш алып барган ишканалардын санынын көбөйүшү маанилүү роль ойноп жаткандыгын белгилеген. Апрель айында 2444 фирма биринчи жолу экспорт жасады. Бул жылдын биринчи төрт айында 6 788 фирма жалпы 345 миллион долларлык экспортту ишке ашырды. Экспорттун акыркы айлардагы рекорддорунда экспортту жаңы баштаган фирмалардын  таасири болду.

«Стар» гезити «Азербайжан түрк куралдуу учкучсуз аба аппарттары менен буталарды бир бирден жарды» деп жазып, Азербайжан армиясынын Түркиянын Байрактар куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен машыгуу өткөргөндүгүн маалымдаган.

Азербайжан коргоо министрлиги жарыялаган көрүнүштөрдө Байрактар куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын ангардан чыгарылышы, аянтка алып барылышы, күйүүчү май куюу жана кызматкерлердин текшерүүсү орун алды. Машыгуунун негизинде учкан куралдуу учкучсуз аба аппараттары симуляцияланган душман буталарын аныктап жарды.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору эпидемияга карабастан өстү» деген кабарында түрк аба жолдорунун Ковид – 19 эпидемиясы мезгилинде дүйнөлүк чоң фирмалар зыян тарткан биринчи чейректе киреше тапкандыгын белгиледи. Башкаруу Кеңешинин төрагасы Илкер Айжы : «Көк жүзүндө күчтөнүүнү улантабыз»,- деди. Бул жылдын биринчи үч айында Lufthansa 1 миллиард евро жана Swiss Air 350 миллион доллар зыян тартканын жарыялаган.



Тектеш кабарлар