Түрк басма сөзү  19.04.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1623978
Түрк басма сөзү  19.04.2021

«Ватан» гезити «1915 -  жылдагы окуялар  тууралуу эл аралык конференция» деген кабарында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын 1915 -  жылдагы окуяларынын тарыхый арткы планы, мыйзамдык өлчөмү жана азыркы күнгө карата чагылуусун карап чыгуу максатында уюштурулган «1915 -  жылдагы окуялар тууралуу эл аралык конференциянын» эртең  онлайн режимде өткөрүлөрүн жазган.

«Стар» гезити «Министр Варанк : VLP вакцинасы боюнча дүйнөдө алдыңкы деңгээлдебиз» деген макаласында VLP башкача айтканда Вирус сыяктуу бөлүкчөлөргө негизделген жергиликтүү вакцинанын адамдарда сыналышынын 1 -  фазасында ыктыярдуу түрдө эмдөөдөн өткөн өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк вакцинанын эч бир терскери таасиринин болбогондугун белгилеп : «Вакцина иштеп чыгаруу жана инфраструктурабыз күчтүү. VLP вакцинасы боюнча дүйнөдө алдыңкы деңгээлдебиз»,- дегенин  кабарлаган.

«Хүррийет» гезити ТОГГо чоң сыйлык» деген маалыматында Түркиянын автомобиль демилгеси группасы ТОГГ C-SUV модели менен дүйнөгө белгилүү iF Design Award 2021де  Түркиядан мобилдүүлүк жактан сыйлыкка ээ болгон бир бренд болгонун маалымдаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту Европада  биринчиликти  алдырган жок» деген кабарында Европа Аэроновигациялык  Коопсуздук Уюму даярдаган каттам программасы боюнча Стамбул аэропорту 14 -  апрелде аткарылган 604 каттам менен Европа аэропортторунун арасында биринчи орунду алгандыгын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Бириккен Арап Эмираттарынан Бодрум жана Трабзонго түздөн түз каттам» деп жазып, Бирикке Арап Эмираттарына таандык FlyDubai аба жолдорунун Трабзон жана Бодрумга түздөн түз каттамдарын баштай тургандыгын жарыялады. Трабзонго каттамдар жумасына 3 жолу, Бодрумга жумасына 2 жолу болору билдирди.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар