Түрк басма сөзү  29.12.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1553705
Түрк басма сөзү  29.12.2020

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандан вакциналар тууралуу маанилүү билдирүү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Президенттик кабинет жыйынынан кийин өткөргөн пресс  - жыйында Кытайдан келе турган вакцинанын биринчи партияларынын жаңы жылдан мурда тапшырылышын күтүп жатышкандарын айтканын жазган.

Эрдоган : «Буюрса эң кыска убакытта өз продукциябыз болгон бирден ашуун вакцинаны элибизге сунуштоодо чечкиндүүбүз. Германиядан келе турган вакциналардын январь айында келеринен үмүт кылуудабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Чавушоглу: Түркия эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн коргоочусу болууну улантат» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын эл аралык платформада эң аз өнүккөн өлкөлөрдү колдогондугун белгилеп : «Түркия эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн коргоочусу болууну улантууда. БУУда бул өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн курулган «Достор группасынын» тең төрагалыгын аткарып жатабыз. Эң аз өнүккөн өлкөлөргө  технологиялык трансфер максатында курулган БМ технология банкына Гебзеде үй ээлик кылуудабыз»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «БУУ качкындарды эң көп алган 5 өлкөнү жарыялады» деген маалыматында БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы дүйнөдө эң көп качкын алган 5 өлкөнү  жарыялагандыгын белгилеген.  Тизмеде эң башта Түркия жана Колумбия, Пакистан, Уганда менен Германия орун алды.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөнүн эң престиждүү тизмесинде орун алган түрк фирма саны 7ге жогорулады» деген маалыматында түрк фирмаларынын улуттук жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен коргоо өнөр жайында ортого салган продукциялар тышка болгон көз карандылыкты азайтып, Түркиянын бул тармакта жетишкен ийгилик дүйнөнүн эң престиждүү коргонуу өнөр жай тизмеси катары кабыл алынган "Defense News Top 100" тизмесине да чагылгандыгын белгилеген. Тизмедеги түрк фирма саны 7ге жогорулады. АСЕЛСАНдын биринчи 50нүн ичине кирүү ийгилигин көрсөткөн тизмеге бул жылы ХАВЕЛСАН менен ФНСС да кошулду.

«Сабах» гезити «Рождество жумасында түрк аба жолдору Европада эң көп каттаган фирма болду» деген кабарында EuroControl тарабынан даярдалган отчетто Рождество  жумасында түрк аба жолдорунун Европада эң көп каттамы болгон фирма болгондугу белгиленгенин жазган.



Тектеш кабарлар