Түрк басма сөзү  27.11.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1535315
Түрк басма сөзү  27.11.2020

«Хүррийет» гезити «Түркия менен Катардын ортосунда орчундуу келишимдер» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Түркияга келген Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Ал Санини расмий азем менен тосуп алгандыгын жазган. Эрдоган менен Ал Санинин президенттик комплексте жекеме  - жеке сүйлөшүүсү  жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин   эки өлкөнүн ортосунда кол коюу аземи болду. Эрдоган менен Катардын Эмири Ал Санинин алдында эки өлкөнүн ортосунда 10 келишимге кол коюлду.

«Стар» гезити «Октай : Палестина маселесинде жалпы позицияны кабыл алышыбыз керек» деген макаласында вице  - президент Фуат Октайдын кечээ коронавирустан улам видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн 36 -  Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана Соода Кызматташтык Туруктуу Комитети жыйынынын  министрлердин иш алып баруусунун жабылуу отурумуна катышканын билдирген. Фуат Октай жыйында : «Палестина маселесинде жалпы позицияны кабыл алышыбыз керек. Ушул себептен палестиналык боордошторубуздун жана ислам үммөтү күткөн керектүү кадамдарды тез арада ташташыбыз керек»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп : «БУУ курулуу миссияларын орундатуудан алыс» деген маалыматында Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун кечээ берген маалыматында эл аралык мекемелердин бир бөлүгүнүн өзгөчө БУУнун курулуш миссияларын орундатуудан алыс экендигин белгилеп : «Эл аралык мекемелердин бир гана белгилүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эмес, бардык адамзаттын пайдасына кызмат кылышы керектигин жана бул багытта кенен реформалардын муктаж абалга келгендигин ойлоп жатам»,- дегенин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Министр Хулуси Акар Францияга Тоолуу Карабах тууралуу каршылык көрсөттү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Француз сенатынын «Тоолуу Карабах Республикасын» таныган чечими тууралуу : «Франция ЕККУнун Минск группасынын тең төрагасы катары тарапсыз болушу керек. Бул чечим болсо мунун мындай эмес экендигин, Франциянын Карабах тууралуу чечүүчү жолдун эмес, маселенин бир бөлүгү экендигин дагы бир жолу көрсөттү»,- дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Министр Сойлу биринчи жолу билдирип жатам : тарыхтын эң төмөнкү саны» деген маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун кечээ берген билдирүүсүндө : «Түркия бүгүн террор менен күрөшүндө  биринчи жолу туннелдин учуна жакындады. Азыркы учурдагы санды биринчи жолу билдирип жатам. Азыркы учур үчүн өлкө ичиндеги террорист саны 320га төмөндөдү. Бул сан тарыхынын эң төмөн саны»,- дегенин маалымдады.



Тектеш кабарлар