Түрк басма сөзү 19.11.2020

Түрк басма сөзүнөн кыска маалыматтар.

1530437
Түрк басма сөзү 19.11.2020

«Йенишафак» гезити «Президент Эрдоган: Биз бардык эмбарголорду өз күчү менен жеңе алган өлкө болдук» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Аселсан жаңы системаны киргизүү жана өндүрүштү ачуу программасында сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын дүйнөлүк камсыздоочулардын чыгарган кыйынчылыктарын, алар киргизген ачык жашыруун эмбарголорду өз күчү менен жеңе алган өлкө болгонун айтып, «дүйнөнүн эң мыкты 100 коргонуу компанияларынын тизмесинде биз 7 компания менен өкүлдүк кылуудабыз. Акыркы гана 5 жылда бул тизмеге биздин 5 компания кирди»,- деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити  «Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын вакцина билдирүүсү» аттуу кабарында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, проф. д-р. Угур Шахин жана д-р Өзлем Түрежи жубайлар башында турган BioNTech биотехнологиялык компаниясы америкалык Pfizer компаниясы менен биргелешип иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасына лицензиянын декабрь айында берилиши толук ыктымал экендигин айтканын баяндаган. Фахреттин Кожа, атамекендик коронавируска каршы вакцина апрелде активдештирилиши мүмкүн деп жарыялады.

«Стар» гезити  «Министр Варанктын атамекендик унаа билдирүүсү» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын атамекендик автоунааларда дүйнөдө атаандаштыкка туруштук бере турган абдан маанилүү бир долбоорду ишке ашырышкандарын белгилеп, 'Бул унаалар 2022-жылдын аягында жолго чыкканда, атамекендик деңгээли 51 пайызды түзөт. 2026-жылы атамекендик деңгээли 68 пайызга чейин көтөрүлөт»,дегенин берген.

«Сабах» гезити «Араб дүйнөсүндө эң суктанылган өлкө- Түркия!» деген кабарында Жакынкы Чыгышта Түркиянын өсүп келе жаткан кадыр-баркы да Американын изилдөө компаниясынын изилдөөсү менен далилденгенин маалымдаган. АКШда жайгашкан «Араб борбору» аналитикалык борбору 13 араб өлкөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодо, арабдардын коомдук пикиринин тышкы саясатына эң көп суктанган өлкөнүн Түркия болгонун көрсөткөн.

«Ватан» гезити  «Стамбул аэропорту «Санариптик трансформация боюнча Европанын мыктысы» сыйлыгын алды» деген кабарында  Эл аралык Аэропорттор Кеңеши (International ACI) тарабынан уюштурулган  «16-ACI Europe Awards» сыйлыктарынын алкагында Стамбул аэропорту «Санариптик трансформация боюнча Европанын мыкты аэропорту» сыйлыгы менен сыйланганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар