Түрк басма сөзү 16.11.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1528398
Түрк басма сөзү 16.11.2020

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын Түндүк Кипрдеги маанилүү билдирүүлөрү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 37 жылдыгына катышканын маалымдаган. Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын саясий абалы жөнүндө: «1963-жылы куралдын күчү менен жок кылынган жана 1974-жылы Греция хунтасынын төңкөрүшү менен талкаланган Кипрдеги румдар менен өнөктөштүк түзүү мүмкүн эмес»,- деди.

«Стар» гезити  «Татар: Эч ким бизден Түркия менен болгон байланыштарыбызды тартып алам деп күтпөсүн» деген маалыматында кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 37 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Кипрди аймакта жана дүйнөдө тынчтыктын үлгүсүнө айлантуу үчүн түрк тараптын укуктары менен эгемендигине шек келтирбестен керектүү кадамдарды таштоого даяр экендигин айтты. Татар: «Бирок эч ким бизден Түркиянын активдүү жана чыныгы кепилдигинен баш тартуубузду, Түркия менен болгон мамилебизди үзүшүбүздү күтпөсүн. Ушул күндөргө кантип жеткенибизди билебиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Коронавирустун жаңы түрү жөнүндө флэш сөздөр дүйнө жүзүнө үмүт берген Проф. Доктор Угур Шахинден» аттуу кабарында өткөн аптада коронавирустун жаңы түрүнө каршы алгачкы ийгиликтүү вакцинаны тапканын түшүндүргөн  BioNTech компаниясынын улук менеджери Проф. Д-р. Угур Шахиндин: «Бул кышта вакцинабыз менен инфекциянын көрсөткүчтөрүнө чоң таасир тийгизбейбиз. Бирок баары жакшы болсо, эмдөөнү ушул кыштын аягында, келерки жылдын башында тарата баштайбыз. Бул жайга чейин чоң таасир болбойт. Жай мезгилинде инфекциянын деңгээли төмөндөшү бизге жардам берет. Эмне талап кылынат, биз жаз айына чейин же күзгө чейин эмдөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылышыбыз керек. Бул эмдөөнүн кийинки күзгө чейин ийгиликтүү аякташын билдирет. Демек эмки жылы биз кадимкидей кыштай алабыз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «1-0дөн кайтып келип, Россияны 3-2 эсебинде жеңип алышты» деген кабарында Түркиянын Футбол боюнча улуттук курама командасы Улуттар лигасынын 5-оюнунда 1: 0 эсебинде утулуп баратканына карабастан  Россияны 3: 2 эсебинде жеңип футболдогу биринчи жеңишине жетишкенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Льюис Хэмилтон Стамбулда дүйнө чемпиону» деген кабарында Формула-1 Дүйнөлүк чемпионатынын 14-жарышы болгон Түркия Гран-Приде Мерседес айдоочусу Льюис Хэмилтон жеңишке жетишкенин маалымдаган.  Бул жеңиш менен 7-жолу дүйнө биринчилигин жеңип алган британиялык учкуч мурдагы Феррари легендасы Майкл Шумахердин рекордун бөлүштү.



Тектеш кабарлар