Түрк басма сөзү  04.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1466652
Түрк басма сөзү  04.08.2020

«Стар» гезити «Парламенттин спикери Шентоп : Армениянын ойлорун ишке ашыруусуна ураксат бербейбиз» деген макаласында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын  спикери Мустафа Шентоптун Азербайжандын парламент спикери Сахиба Гафаровго телефон чалып курман айт майрамы менен куттуктады жана акыркы мезгилдердеги Армениянын кол салууларына каршы Түркиянын колдоосун билдирип : «Армениянын Азербайжан жана Түркияга каршы ойлорун ишке ашыруусуна уруксат бербейбиз»,- деди.

«Ватан» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияны четке кагуу эми мүмкүн эмес» деген маалыматында АКШда чыккан «The Wall Street Journal» гезити Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги  стратегиясын каарп чыкканын билдирген. Кабарда аймакта деңизчилик программасын баштаган Түркиянын кыймылдарынын күтүлүшү керек болгон абал экендиги жазылган. Макалада Түркияны Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги энергия тең салмактуулугунун тышына чыгарууга аракет кылынганы, мындай аракеттердин Түркиянын чечкиндүүлүгү менен ийгиликсиз болору баса белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Европа Түркия менен кагылышпайт» деген кабарында Грециянын мурунку коргоо министри Евангелос Апостолакис Түркиянын маанисин баса белгилеп геополитикалык жана экономикалык жактан Европа Биримдигинин Грециянын ордуна Түркияны тандай тургандыгын айтканын кабарлаган.

Президент Р. Т. Эрдогандын күчтүү экендигин жана Түркиянын Эрдогандын лидерлигинде Чыгыш Жер Ортолук деңизде олуттуу аймактык күч катары жогорулап бара жатканын айткан Апостолакис : «Түркия бардык геополитикалык платформаларга катышууда жана олуттуу бир актер катары көрүнүүдө»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркияда базарлар тез калыбына келди» деген маалыматында жаңы тип коронавируска карабастан Түркияда базардын тез калыбына келе баштаганын белгилеген. Стамбулда турак жай сатуулары бул жылдын биринчи жарымында 16 пайыздык өсүү менен 106 000ден ашса, жалпы Түркияда автомобиль сатуу 156 000ден 203 000 даанага чыкты. Стамбулда жаңы курулган фирма саны 7 айда өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 10 пайызга өсүп 30 миң 509га жогорулады.

«Хүррийет» гезити «Өсүүнүн борбору Түркия» деген кабарында дүйнөнүн ири тазалык жана жеке кам көрүү фирмаларынан P&Gнин Түркия, Кавказия жана Орто Азия боюнча башкаруу кеңешинин төрагасы Танкут Турнаоглу Түркиянын Европанын эң негизги өсүү борборлорунун бири экенине көңүлдөрдү бурганын кабарлаган. Акыркы 3 жылдан бери Европанын эң ылдам өнүккөн өлкөсүнүн Түркия экендигин белгилеген Турнаоглу : «P&G Түркия ошол эле учурда экспорт чемпиону. Жеке тазалык, бөбөктөрдүн тазалыгы менен үй жана кебездерди тазалоочу продукция категориясында лидер»,- деди.



Тектеш кабарлар