Түрк басма сөзү-29.06.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1445204
Түрк басма сөзү-29.06.2020

«Стар» гезити «Туфейли:Эрдоган Ливиянын ырааттуулугу үчүн аракет кылууда» аттуу маалыматында Ливандагы  шиит аалымдарынан Шейх Субхи Туфейли президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы Франция, Россия, Италия жана Израилдин жанында туруу диний жактан туура болбойт деп билдиргенин баяндаган. «Президент Режеп Таййип Эрдоган элдин кызыкчылыгы жана Ливиянын туруктуулугу үчүн күрөшүп жатат»,-деп айткан  Шейх Туфейли ошондой эле сөзүндө Түркиянын Ливияда, Франция жана Израилдин амбицияларына каршы тургандыгын айтты.

«Сабах» гезити «Террористтерге таандык 24 баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрдөгү курал менен ок-дарылар табылды» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги, Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай жүргүзүлгөн «Чеңгел-Жолборс» операциясында белгиленген 24 баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрдө көп сандаган курал жана жашоо үчүн керектүү материалдар менен ок-дарылардын колго түшүрүлгөнүн жарыялаганын маалымдаган. Анда 17-июнда башталган операциянын пландалганы сыяктуу ийгиликтүү улантылганы билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Түркия шамал менен бир багытта» аттуу маалыматында Түркия акыркы мезгилде кайра жаралуучу энергиянын жалпы электр өндүрүүдөгү үлүшүндө рекордун жаңылаганын жазган. Мында акыркы жылдарда арткан кайра жаралуучу инвестицияларынын үлүшү абдан чоң. Түркия шамал энергиясы жаатында бара турган жолунун 10 пайызын гана өттү. Учурда орнотулган жалпы кубаттуулугу 8 миң мегаватт болгон шамал энергиясынын 80-90 миң потенциалы бар.

«Хабер түрк» гезити «Түркия англистердин саякат коридорунун арасында» деген кабарында Англия өкмөтүнүн 6-июлдан тарта айрым өлкөлөр менен саякат коридорун ачууга даярданып жатканын баяндаган. Бул өлкөлөрдүн арасында Түркиянын да орун алганы белгиленди. Туризм фирмасы бул кабардын артынан эс алуу резервациялары артканын жарыялады. Англиянын саякат коридорун ача турган өлкөлөрдүн толук тизмесинин алдыбыздагы аптада белгилүү болушу күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Бурса туризминде пандемия мүмкүнчүлүккө айландырылууда» аттуу маалыматында Бурсада дени сак эс алуу түшүнүгүнүн эң маанилүү учурай турган жер болуу жагынан кадамдар ташталып жатканын баяндаган. Шаарда жаңы калыбына келүү шарттарына ылайыктуу түрдө пландалган туризм саясатынын башында треккинг, лагерь жана караван туризми турат. Бурсанын Улудагы, жайлоолору, көлдөрү жана деңизи менен катар бардык табиятты сүйүүчүлөргө ылайыктуу географиялык түзүлүшү менен кызыктырган жерлерден бири болот.



Тектеш кабарлар