Түрк басма сөзү-13.04.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1397329
Түрк басма сөзү-13.04.2020

 

«Сабах» гезити «Түркиядан Англияга экинчи коронавирус жардамы» аттуу маалыматында Түркия жаңы типтеги коронавирус (Covid-19)  менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында дүйнөдө пандемиядан эң көп таасир алган өлкөлөрдөн бири болгон Англияга медициналык жардамдардын экинчи партиясын жөнөткөнүн жазган. Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден берген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө колдонула турган саламаттык сактоо каражаттарынын экинчи партиясынын бүгүн Англияга жөнөтүлгөнү маалымдалды.

«Йени шафак» гезити «Министр Албайрак; бардыгыбыз бирге дагы көп иштейбиз» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын Твиттер барагынан берген жарыясында, «Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен жумушчубузду, жумуш ээлерин, соодагерлерибизди колдойбуз. Бул азиз улут үчүн эмне жасасак аздык кылат. Жетишиле турган экспорт рекорддорубуз, тарыхый долбоорлорубуз, чоң жана күчтүү Түркия идеябыз бар. Бардыгыбыз бирге ар дайым болгонунан дагы көп биригип, дагы көп иштейбиз»,-деп жазганын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Бор кошулган дезинфекциялоочу зат сериалуу түрдө өндүрүлө баштады» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин бор кошулган дезинфекциялоочу заттын сериалуу өндүрүүгө өткөнүн жана бул аптада текчелердеги ордун ала турагынан айтканын баяндаган. Бор кошулган дезинфекциялоочу азттын баасы базардагы берки товарларга салыштырмалуу дагы арзан болот.

«Стар» гезити «Коронавируска үмүт болгон ыкма АКШда 35 миң доллар, Европада 25 миң евро, Түркияда бекер» аттуу маалыматында Түркияда корнавирус дарылоосу тууралуу эмгектер уланып жатканын маалымдаган. Вакцина жана дары чыгаруу эмгектерине «плазма куюу» да кошулду. Бул ишке ашырууларды башкарган «Тургут Өзал» атындагы медицина борборунун сөөктүн чучугун трансплантациялоо боюнча директору проф.д-р Мехмет Али Эркут: «Булар абдан баалуу дарылоолор, бирок Түркияда бул дарылоо ыкмасы бекер. АКШда 35 миң доллар, Европада 25 миң евро сыяктуу акы алынып ишке ашырылат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң эски килеми түрктөргө таандык» аттуу маалыматында Он тогузунчу май университетинен проф.д-р Ибрахим Теллиоглунун орус архиелогу Руденконун 1949-жылы Алтай тоолорунун этектеринде көрүстөндөн чыгарган дүйнөнүн эң эски килеминин түрктөргө таандык экендигин айтканын баяндаган. Проф.д-р Теллиоглу: «Килемдин бетинде колдонулган жаныбар фигуралары, атчандардын сүрөттөрү, аттардын куйруктары байлануу болгону, Гун гүлү сыяктуу мотивдер искусство тарыхы жагынан бул килемдин түрктөргө таандык экенин көрсөтүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар