Түрк басма сөзү-12.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1377101
Түрк басма сөзү-12.03.2020

«Стар» гезити «Эрдоган Түркиядагы алгачкы коронавирус кездешкен учур тууралуу маалымат берди» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси,президент Режеп Таййип Эрдогандын партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышындагы сөз сүйлөөсүндө, Европадан келген бир жаранда коронавирус аныкталгандыгын белгилеп, бул кишинин жалпы саламаттык абалынын жакшы экендигин, дарылануусунун уланып жаткандыгын жана үй-бүлөсү менен жакын чөйрөсүнүн да байкоого алынгандыгын билдиргенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу; убактылуу болгон ок атпоонун туруктуу абалга айландырылышы үчүн иштер жүргүзүлүүдө» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Идлибдеги акыркы абал тууралуу, «Учурда убактылуу болгон бул ок атпоону туруктуу абалга айландыруу үчүн иштер жүргүзүлүп жатат»,-деп айтанын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Акардан Идлибедеги ок атпоо тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Сириянын Идлиб аймагы тууралуу кечээ борбор шаар Анкарага келген Орусиянын делегациясы менен жолугушууларынан кийин «Биздин каалообуз ок атпоонун туруктуу болушу. Бул үчүн иштеп жатабыз. Мындан кийин дагы жолугушуулардын оң өтүшү үчүн биз милдетибизди аткаруудабыз, Орусия тараптын дагы берген убадаларына туруусун күтүүдөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

 «Сабах» гезити «Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтундан коронавирус билдирүүсү» деген кабарында президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына чечүүчү жол табыш үчүн Түркияда илимпоздор жана изилдөөчүлөрдүн тынымсыз эмгектенип жатканын жарыялаганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук спутниги Түрксат 6Ада жаңы баскычка өтүлүүдө» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коому (ТУСАШ) башкы директорунун орун басары д-р Салман Настын Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук спутниги Түрксат 6Анын инженердик модели тууралуу өндүрүү жана интеграция иш-аракеттеринин чоң көлөмдө бүткөрүлгөнүн, спутниктин учуу моделинде да интеграция иш-аракеттери башталганын айтты.



Тектеш кабарлар