Түрк басма сөзү-23.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1345948
Түрк басма сөзү-23.01.2020

«Хабер түрк» гезити «Давосто Стамбул Финансы борборуна чоң кызыгуу» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын Түркия жана Стамбул Финансы борборуна тыгыз кызыгуу болгонун айтканын жазган. Давосто чет элдик бир топ сектордук марка башаруучулары менен сүйлөшкөндөрүн белгилеген Албайрак: «Стамбулдун финансы борбору катары табигый чөйрө болуу аңгемеси өзүнөн өзү бүчүрлөнүүдө. Финансы борбору үчүн Булуң жана Азия өлкөлөрүнөн кызыгуу бар, сүйлөшүүлөр уланууда»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түрк капиталына ишенгендер олуттуу түрдө пайда табышты» аттуу маалыматында Түркиянын кудум эле мүмкүнчүлүктөр өлкөсү болгонун белгилеген соода министри Рухсар Пекжандын дүйнө жүзүндөгү айрым фирмалардын Түркияда инвестиция салууну ойлогондорун айтканын жазган. Пекжан Түркияда учурдагы эл аралык инвесторлордун, өлкөдөгү потенциалды абдан жакшы карап пайдалана алгандары үчүн жаңы инвестицияларга өтүп, көлөмдөрүн арттырууга багыт алышкандарын айтты.

«Йани шафак» гезити «Биржа Стамбул (BIST) рекорд жаңылоодо» деген маалыматында Биржа Стамбулда BIST 100 индекси кечээ ачылганда 0,53 пайыздык өсүү көрсөтүп 124.215,90 балл менен барлык убактардын эң жогорку деңгээлине чыкканын маалымдаган. Банкчылык индекси 0,94 пайыз жана холдинг индекси 0,76 пайызга жогорулоо көрсөттү. Бардык сектор индекстери кечээ өсүү көрсөтсө эң көп киреше алып келген банкчылык сектору болду.

«Стар» гезити «Кыргызстандан Түркияга келип жергиликтүү автомобилди талап кылышты» аттуу маалыматында Түркиянын автомобиль демилгечилери тобунун (TOGG) 2022-жылы өндүрүүсүн баштай турган «Түркиянын автомобили» кыргызстандык ишкерлердин кызыгуусун тартканын жазган. Кыргыз ишкерлеринен Медербек Айтбаев: «Бул автомобилге үчүн эмитеден миллиондогон буюртма берилиптир. Бул да анын ийгиликтүү долбоор болгонун көрсөтүүдө. Бул ийгиликтүү долбоордун бир бөлүмүн да Орто Азияга, Кыргызстанга алып барууну абдан каалайбыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Инфляция жылдын акырында бир орундуу санга түшөт» деген кабарында Борбордук банктын төрагасы Мурат Уйсалдын инфляция жана акча саясатында кылдат түзөтүү жасалышы керек болгон мезгилге өткөндөрүн айтканын баяндаган. Январь айында пайыз төмөндөтүүгө өткөндөрүн белгилеген Уйсал: «Инфляция күтүүлөрүндөгү жакшыруу бизге бул кадамдарды өлчөмдүү таштоо мүмкүнчүлүгүн берди»,-деп айтты. Уйсал, инфляция туурасында болсо жылдын ортосунда бир орундуу санга түшүүсүн күткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар