Түрк басма сөзү-4.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1317540
Түрк басма сөзү-4.12.2019

«Сабах» гезити «Эрдоган лидерлерге «Стратегиялык шериктештиктин күчтүү мүчөсү Түркия» аттуу китебин белек кылды» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун лидерлер саммитинен улам барган Англиянын борбор калаасы Лондондо өткөрүлгөн Сирия темалуу Төрттүк саммитте лидерлерге «Стратегиялык шериктештиктин күчтүү мүчөсү Түркия» аттуу китепти тапшырганын маалымдаган. Эрдоган Коммуникация башкармалыгы тарабынан түрк, англис, француз жана немис тилдеринде даярдалган китепти Франциянын президент Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Англиянын премьер-министри Борис Жонсонго берди. Төрт тилде даярдалган  китепте НАТОнун мүчөсү катары Түркиянын шериктештикке кошкон салымдары жана милдеттери туурасында кеңири маалымат берилди.

«Ватан» гезити «Литвадан Түркияга ишеним билдирүүсү» аттуу маалыматында Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевичустун жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК дагы коркунуч катары орун алган планга АКШнын каршы чыкканы боюнча Түркиянын НАТОнун Балтика өлкөлөрү туурасындагы коргонуу планын бекитпөөсү темасында Түркияга ишенгендерин, маселенин оңдолушу үчүн иштер уланып жатканын айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Катар Түркияга дагы 7 миллиард доллардык инвестиция салат» аттуу маалыматында Катардын Финансы борборунун төаргасы Юсуф аль-Жайданын өлкөсүнүн Түркияда инвестиция салуусун уланта турганын жарыялаганын маалымдаган. Бир гана банкчылык секторунда эмес курулуш секторунда дагы 10 миллиард доллардык убадасынын 35 пайызынын ишке ашканын белгилеп, «Түркияга ага турган дагы 7 миллиард доллар бар» деген маалыматты берди.

«Йени шафак» гезити «Стамбул дүйнөдөгү эң көп жактырылган метрополдордун арасында» аттуу маалыматында Англиянын базарды изилдөө институту Euromonitor International тарабынан «дүйнөдө эң көп жактырылган метрополдор тизмеси жарыяланганын жазган. Тизмеде Түркиядан Стамбул да орун алганын маалымдаган. Анда Стамбул шаары келгендердин санын 25,2 пайызга арттырганын, шаардын 14 миллион 400 миң чет элдик туристти тосконуна көңүл бурду.

«Стар» гезити «Түркиянын Халал жарманкесинде 50 өлкө витринге чыкты» деген маалыматында ИКУнун иш-чараларынын алкагынла 28-ноябрь -1-декабрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулдун Евразия көргөзмө жана көркөм өнөр борборунда ИКУнун Халал жарманкеси өткөнүн баяндаган. Халал жарманкесин 40 мийдей киши кыдырды. 75тен ашуун өлкөдөн делегация катышты. 50 өлкө товарлары жана павильондору менен Халал иш-чарасында орун алышты. 10 өлкөдөн 270 ашпозчунун катышуусунда Эл аралык ашпозчулардын мелдеши да өткөрүлүп, ар башка номинацияда сыйлыктар тапшырылды.



Тектеш кабарлар