Түрк басма сөзү 2.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1315979
Түрк басма сөзү 2.12.2019

«Хабер түрк» гезити: «Тарых өзгөрөт» деген кабарында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Канал Стамбулга чукулдукту урганыбызда дүйнөдө деңизчилик жана транспорт жагынан тарых өзгөрөт. Бурулуш жерге айланат»,-дегенин жазган. Чавушоглу кечээ Антальяда өткөрүлгөн жыйында, Түркия күчтөнгөн сайын туш болгон көйгөйлөрдүн түрү дагы өзгөргөнүн айтты.

«Сабах» гезити: «Террордук кол салууларга каршы жол көзөмөл жайлары курулууда» деген маалыматында Улуттук коргоо министрлиги, террордук уюм ПКК/ЙПГнин бомбалуу унаа менен күнөөсүз жарандарды бутага алган террордук кол салууларына каршы жол көзөмөл жайларынын курулуп жатканын билдиргенин жазган.

«Ватан» гезити: «Министрлик билдирди. Депортацияланды» деген кабарында Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Чет элдик согушкерлерди өлкөлөрүнө тапшыруу ишинин уланып жаткандыгы белгиленгенин маалымдаган. Ушул алкакта кечээ ирландиялык бир террористтин өлкөсүнө тапшырылгандыгы билдирилди.

«Стар» гезити: «Чет элдик туристтердин саны 41 миллионго жакындады» деген маалыматында Түркия жылдын биринчи 10 айында, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 14.47 пайыздык өсүү менен 40 миллион 719 миң 786 чет элдик туристти коноктогонун жазган. Түркияга быйылкы жылдын биринчи 9 айында 36 миллион 428 миң чет элдик турист келген.

«Йени шафак» гезити: «Даун синдрому менен ооруган спортчубуз Талха Ахмет Эрдемден тарыхый ийгилик» деген кабарында даун синдрому менен ооруган спортчулардын арасында дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында Талха Ахмет Эрдем алтын медалга ээ болгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар