Түрк басма сөзү-27.11.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалымттар.

1313433
Түрк басма сөзү-27.11.2019

«Хүррийет» гезити «Орчундуу жыйналыш 4 саатка созулду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ өткөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы 4 саат 10 мүнөткө созулганын жазган. Улуттук коопсуздук кеңешинде «Тынчтык булагы» операциясы каралганы белгиленип, максатына жеткенге дейре улана турганы баса белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Акар; С-400дөр темасында процесс пландалгандай уланууда» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ С-400дөрдүн тапышырылы тууралуу маалыматында, «Бардык нерсе ачык. Бардыгы нормалдуу. Тапшыруу бир процесс болуп саналат. Жасала турган иштер бар, пландалганы сыяктуу жасалууда»,дегенин берген. Министр Акар айрыкча «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу иштердин да пландалгандай уланганын айытты.

«Сабах» гезити «Чавушоглунан билдирүү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун маалыматында «С-400дөрдү курбай турганыбыз же колдонбой турганыбыз темасында эч кимге убадабыз жок. Абадан коргонуу системасына муктаждыгыбыз болгону үчүн алдык»,-деп айтканын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Террордук уюмдун таркоосу уланууда» аттуу маалыматында ички иштер министрилигинин Вандагы террор менен күрөшүү кеңсесинин директорулугунун жүргүзгөн көндүрүү иш-аракетеринин алкагында кечээ 2 террорист Шырнактын Жизре районунун чек ара капкасынан Ван жана Шырнак террор менен күрөшүү мүдүрлүгүнүн (ТЕМ) кеңсесинин директорлугунун кызматкерлерине багынып беришкенин жазган. Ушуну менен 2019-жылдан бери  көндүрүү жолу менен багынып берген террорист саны 235ке жетти.

«Стар» гезити «Министр Варанк сүйүнчү берди» аттуу маалыматында өнөр жана технология министри Мустафа Варанктын кечээки маалыматында Улуттук жогорку ылдамдыктагы поезддин проектинин алкагында алгачкы прототибинин 2023-жылы жолдорго чыга турганын айтканын маалымдаган. Варанк: «Ушундай түрдө деңиз технологиялары жана кеме толуктоочу өнөр жайыбыздын атаандаштык күчүн арттыруу үчүн да иштерибиз уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар