Түрк басма сөзү 25.11.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1311849
Түрк басма сөзү 25.11.2019

 

«Хабер түрк» гезити: «Эң көп көчөт отургузуу рекордунун күбөлүгү президент Эрдоганга тапшырылды» деген кабарында «Келечекке дем берүү» иш-аракетинин алкагында Чорумда 303 миң 150 көчөт менен «бир сааттын ичинде эң көп көчөт отургузуу» рекорддун ырастаган күбөлүк, айыл-чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли тарабынан президент Режеп Таййип Эрдоганга тапшырылгандыгын жазган. Чорумда 11-ноябрдагы «бир сааттын ичинде эң көп көчөт отургузуу» рекорду Гиннесстин рекорддор китебинин кызматкерлери тарабынан ырасталган болчу. Ушул эле күнү 81 облустагы 2023 жерде, орто эсеп менен 1 миллион киши 11 миллион көчөттү 3 саттын ичинде тигишкен.

«Стар» гезити: «Сириялыктар өз үйлөрүнө коопсуз түрдө кайтууда» деген кабарында Улуттук коргоо министрлиги, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнин кысым жана зулумдугунан качкан сириялыктардын террористтерден тазаланган жерлерине өз ыктыярлары менен жана коопсуз түрдө кайтып барып үйлөрүнө жайгаша баштагандарын билдиргенин жазган. Министрликтин билдирүүсүндө кайтуу жолунда сириялыктардын президент Эрдоганга жана түрк аскерлерине ырахмат айткандары белгиленди.

«Стар» гезити: «Орус тарап билдирди: Түркия менен Sukhoi Superjet-100 жана MS-21 үчүн сүйлөшүп жатабыз» деген кабарында Орусиянын бирдиктүү учак компаниясынын башчысы Юрий Слюсарь, Орусия менен Түркиянын ортосунда Sukhoi Superjet-100 жана MS-21 жүргүнчү учактарынын тапшырылышына карата сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгын белгилегенин жазган. Орусиянын учак компаниясы сентябрь айында өткөрүлгөн Teknofest Стамбул авиация, космос жана технология  жарманкесинде өз учактарын тааныткан болчу.

«Хүррийет» гезити: «Антальяга 15 миллион турист келди» аттуу маалыматында дүйнөдөгү эң негизги туристтик жерлердин бири болгон Анталья, 11 айда 15 миллиондон ашуун чет элдик туристти коноктогонун билдирген. 193 өлкөдөн эс алуучулар тарабынан тандалган бул шаар, чет элдик туристтердин санында быйыл удаама-удаа рекорд койду. Шаарга 11 айда келген чет элдик туристтердин саны 15 миллион 567 миңге жетти.

«Ватан» гезити: «Улуттук команданын дарбазачысы Мерт Гюнок, Европада алдыңкы катарларда» деген кабарында УЕФАнын 2020-жылкы чемпионатынын тандоолору үчүн түзүлгөн «Голсуз аяктаган беттешүүлөр» тизмесинде тогуз оюндун жетисинде дарбазага гол киргиздирбей сактаган Мерт Гюнок, бул ийгилиги менен дүйнө жылдыздарын артта калтырганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар