Түрк басма сөзү-28.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1296090
Түрк басма сөзү-28.10.2019

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын жок кылынган ДЕАШ террордук уюмдун корбашчысы Багдади билдирүүсү; бурулуш жер» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын террордук уюм ДЕАШтын корбашчысы Багдадинин жок кылынышын кубаттаганын билдирди.Президент Эрдоган: «ДЕАШтын корбашчысынын жок кылынышы терроризм менен биргелешип күрөшүүбүздө бурулуш жерди түзүүдө. ДЕАШ, ПКК/ЙПГ жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүдө эң оор чыгымга учураган Түркия, бул абалды кубаттады. Түркия мындан мурда болгону сыяктуу мындан кийин дагы террор менен күрөшүүгө салым кошуусун улантат»,-деди.

«Ватан» гезити «Бүткүл террор корбашчыларын жок кылуунун убагы келди» аттуу маалыматында президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун кечээ Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында, «Терроризмге каршы күрөшүүдө досторубуз жана шериктештерибиз менен кызматташууну улантуудабыз. Эми калган бардык террорист корбашчыларын жок кылуунун убагы»,деп жазганын баяндаган.

«Стар» гезити «Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортун 240 миллион жүргүнчү колдонду» аттуу маалыматында Стамбулдагы Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунун терминал имаратын 2009-жылдын 31-октябрында тейлөөгө киргизгенден бери 10 жылда 240 миллион жүргүнчү колдонгонун маалымдаган. Жыл сайын жүргүнчү саны өскөн Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунун 2018-жылы 34 миллион 58 миң жүргүнчүнү тейлесе 2019-жылы бул сан 36 миллионго жетиши күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «8 айда 80 өлкөгө 100 миллион доллардык тери тон экспорттоду» аттуу маалыматында Түркиядан быйыл январь-август мезгилинде 80 өлкөгө орто эсеп менен 100 миллион доллардык тери тон экспорттолгонун маалымдаган. Сектор экспортунун туу чокусунда 16 миллион 780 миң доллар менен Түштүк Корея орун алса, бул өлкө жасалган жалпы экспорттун 16 пайызын ээлдеи.

«Сабах» гезити «Жаш штангситтерден 17 алтын» аттуу маалыматында Түркия Румынияда соңуна чыккан жаштар жана 23 жашка чейинкилер Европа штанга чемпионатын 17 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль менен жапканын белгилеген.



Тектеш кабарлар