Түрк басма сөзү-7.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1283226
Түрк басма сөзү-7.10.2019

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Кызылжахамам лагеринин жабылыш сөзүн сүйлөдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ партиясынын Анкаранын Кызылжахамамдагы 29-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын акыркы күнкү иштерине катышып жабылыш сөзүн сүйлөгөнүн баяндаган. Эрдоган сөзүндө Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган коопсуз аймакка көңүл буруп, «Трамп, биз айткан жерге келди жана Евфраттын чыгыш жагынан чыгып кетүүнү күн тартипке алып чыкты. Бирок Трамптын жанындагылар буйрукту аткарбай жатышат»,-деди.

«Сабах» гезити «АКШнын элчи милдетин аткаруучу өкүлү, Тышкы иштер министрликке чакыртылды» деген маалыматында Фетулхуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) качкындарынан Эргун Бабахандын Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели туурасындагы чатактуу бөлүшүүсүн жактырган (лайк) АКШнын Анкарадагы элчилиги каршы чыгууну тартканын белгилеген. АКШнын элчи милдетин аткаруучу өкүлү Тышкы иштер министрликке чакыртылып ачык жана так түшүндүрмө талап кылынды. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «элчи милдетин аткаруучу өкүл жаңылыштык менен болду» деди. Так түзөтүүнү талап кылдык» деген маалыматты берди. Президенттик аппараттын кооммуникация башчысы Фахреттин Алтун да АКШнын мамлекеттик катчылыгынын бул окуяны териштирүүсүн жана жооптуулар туурасында керектүү чаралардын көрүлүшү керектигин белгилеп кетти. АК Партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик болсо, окуянын Түркиянын ички иштерине жаман кийлигишүү аракети болгонун айтты.

«Йени шафак» гезити «Сабиха Гөкченден жылдын 9 айында 26 миллион жүргүнчү өттү» деген маалыматында Эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунан жылдын 9 айында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу тышкы каттам жүргүнчүсү 20 пайызга артып 10 миллион 449 миң кишиге жетсе, ички каттам жүргүнчүсү 16 миллион 203 миң кишиге жеткенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Автомобиль сектору сентябрда 2,6 миллиард доллардык экспорт жасады» деген маалыматында Түркиянын автомобиль сектору 2,6 миллиард доллардык экспорт менен тарыхында эң жогорку экинчи сентябрь айынын ийгилигине жетишкенин жазган. Автомобиль сектору жалпы экспорттодогу 18,5 пайыздык үлүшү менен экономиканын жетелөөчүсү болушун улантууда.

«Ватан» гезити «Арслантепеде 5700 жылдык баланын скелети табылды» деген кабарында миңдеген жылдык тарыхы менен БУУнун Билим берүү, билим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесинде орун алган Малатияга 7 чакырым аралыктагы Арслантепе үңкүрүндөгү казууларда кеч халколиттик мезгилге таандык бир турак жайда 5700 жылга жакын экендиги болжолдолгон баланын скелети табылганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар