Түрк басма сөзү  17.09.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1270976
Түрк басма сөзү  17.09.2016

«Йени шафак» гезити «Эң көпкө созулган саммит» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган, Орусиянын президенти В. Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани  Анкарада Идлиб жана Сириянын келечеги тууралуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Арамко кризиси жана АКШнын Иранга карата согуш коркунучу менен бүткүл дүйнөнүн көңүлү бурулган саммит кечээ эрте менен саат 11:30 да башталган эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушуулар менен кечки саат 21:00гө чейин улантылды. Лидерлер «Сирияда саясий чечүүчү жол үчүн толук макулдашуу ичиндебиз»,- деп билдиришти.

«Сабах» гезити «Президенттиктен Арменияга катуу каршылык» деген макаласында вице  - президент Фуат Октай Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Азербайжан  - Түркия иш форумунда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан жерлеринин бештен бир бөлүгүн басып алган Армения баскынынын акырына чыгышы үчүн чейрек кылымдан бери Азербайжан менен жакын кызматташтык ичинде кыймыл кылышкандарын айтканын жазган. Октай : «Жогорку Карабах маселесинин Азербайжандын жеринин бүтүндүгү ичинде жана эл аралык мекемелер кабыл алган чечимдерге ылайык түрдө чечилип 1 миллиондон ашуун жабыркаган боордошубуздун жерлерине эртерээк кайтып келиши эң чоң каалообуз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Текнофест дүйнөнүн эң ири экинчи аба иш  чарасы болду» деген кабарында өткөн жылы Стамбул аэропортунда биринчиси өткөрүлгөн Түркиянын технология фестивалы Текнофесттин бул жылы конокторун Ататүрк аэропортунда тосуп аларын белгилеген. Өткөн жылы 200 миң кишинин келиши күтүлгөн иш чарага 500 миңден ашуун киши келген. Бул сан менен Текнофест дүйнөнүн эң ири экинчи аба иш чарасы болду. Текнофест 17 – 22 – сентябрь күндөрү Ататүрк аэропортунда өткөрүлөт.

«Хүррийет» гезити «Министр билдирди : 20 жылдын рекорду болду» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресуртары министри Фатих Дөнмездин : «Улуттук мекемебиз Түркия Нефтилери Акционердик Өнөктөштүгү ТПАО өлкө ичиндеги нефть өндүрүшүндө күнүмдүк 50 миң баррелден өтүп акыркы 20 жылдын эң жогорку өндүрүшүнө өттү»,- дегенин билдирген. 2018 -  жылы күнүмдүк өлкө ичи нефть өндүрүү 42 миң 330 барель болуп катталган.

«Ватан» гезити «Борбордук башкаруунун бюджети август айында 576 миллион лира ашыкча болду» деген маалыматында казына жана финансы министрлигинин бюджет тең салмактуулугу тууралуу маалыматтарына караганда 2018 -  жылы август айында 2,5 миллиард лира пайыз тышы берилген болсо, бул сан 2019 -  жылы август айында 11, 4 миллиард лира болду. 2019 -  жылы август айында бюджет кирелешелери өткөн жылдын ушул эле айына караганда 34,1 пайызга өсүп, 94. 3 миллиард лирага жогорулап, бюджет чыгашалары да 23, 2 пайыздык өсүү менен 9, 7 миллиард лирага жетти.



Тектеш кабарлар