Түрк басма сөзү-02.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1262361
Түрк басма сөзү-02.09.2019

«Стар» гезити «Орусия:Түркиянын Сирияда коопсуз аймак талабы мыйзамдуу болду» аттуу маалыматында Түркия жанаАКШнын жетишкени боюнча Сирия чек арасында коопсуз аймак түзүлүүсүн көздөгөн меморандумга баа берген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сириянын түндүк чыгышынын башкача бир аймак экенин белгилегенин жазган. Лавров, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркиянын бул жердеги коопсуздук кызыкчылыктарын мыйзамдуу деп тапкандарын айтты.

«Сабах» гезити «Акынжы учкучсуз учуучу аппараттардын сыноо иштери бүткөрүлдү» аттуу маалыматында учкучсуз учуучу аппараттарды өндүргөн Байкар фирмасынын техникалык  директору Селчук Байрактардын Акынжы учкучсуз учуучу аппаратынын сыноо иштери бүткөрүлгөнүн жарыялаганын маалымдаган. Акынжынын моторунун алгачкы иштөө убагын социалдык медиа барагы аркылуу бөлүшкөн Байрактар, көп күндөн бери даярдыгы жүрүп жаткан жана акыркы 24 сааттык тынымсыз марафондун акырында алгач ирет моторлордун иштегенинин маалыматын бөлүштү.

«Хүррийет» гезити «Азербайжанга визасыз саякат башталды» аттуу маалыматында Азербайжан менен Түркиянын ортосунда жетишилген визасыз режим келишиминин алкагында Азербайжанга баргысы келген түрк жарандары атуулдарына карай визасыз тартип кечээ 1-сентярда башталганын маалымдаган. Азербайжанга баргысы келген атуулдар 30 күнгө дейре бул өлкөдөн визасыз жүрө алат.

«Хабер түрк» гезити «Анталья туризмде тарыхый рекордду багындырууда» деген маалыматында Антальяга 1-январь-31-август күндөрүнүн аралыгында 10 миллион 765 миң 946 турист келди. Шаарга 8 айда келген турист саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайыз катнашында өсүү көрсөттү. Дүйнөнүн эң көп турист тоскон үчүнчү шаары абалындагы Анталья, 16 миллион турист максатына жакындап баратат.

«Йени шафак» гезити «А улуттук баскетбол командасы Кытайдын кожоюндугунда FIBA -2019 Дүйнөлүк кубогундагы алгачкы беттешүүсүнө чыкканын жазган. «Е» тобунда орун алган улуттук курама команда Шанхай ориентал спорт борборунда Япония менен беттешти. «А» улуттук курама команданын оюнду 19 упайлык айырма менен 86-67 пайызга утту. Улуттук курама команда турниринин экинчи оюнунда 3-сентябрь шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча 15:30да АКШ менен беттешет.



Тектеш кабарлар