Түрк басма сөзү-8.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1197344
Түрк басма сөзү-8.05.2019

«Сабах» гезити «Жаңы чечүүчү жол табуу процесси жок» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жикчил террордук уюм ПККнын абактагы корбашчысынын адвокаты менен жолугушуусуна сереп салганын баяндаган. Эрдоган: «Чечүүчү жол деген бир нерсе болбойт»,-деди. Президенттик аппараттын байланыш башчысы проф.Фахреттин Алтун да жарыясында корбашчынын адвокаты менен жолугушуусунун процедуранын талабы болгонун белгилеп, «Биз ой-пикир жана көз карашыбызда такпыз»,-деди. Алтун, корбашчынын ЙПГга жиберген буйругу үчүн болсо «Түздөн-түз буйрук берүүсү Түркиянын ПКК менен ЙПГ жана СДКнын ортосунда байланыш бар экени жөнүндөгү тезисин күчтөндүрүүдө»,деп билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарын коргоо жагынан чечкиндүү» аттуу маалыматында Энергетика министрлигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын жүргүзгөн бургулоо иш-аракеттери тууралуу маалымат бергенин жазган. Анда, «Түркиянын өз жээк сууларында ишке ашырып жаткан бургулоо иш-аракеттери тууралуу аймактын ичиндеги жана тышындагы актерлор тарабынан билдирүүлөрдүн жасалышы кабыл алынгыс»,делди. Анда сейсмикалык изилдөө жана бургулоо иштеринин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги гидрокарбон булактарына карата эл аралык укуктан келип чыккан мыйзамдуу укукка таянганы белгиленди.

«Стар» гезити «Түрк аскери С-400 абадан коргонуу системаларынын билимин ала баштайт» деген маалыматында Орусиянын маалымат агенттиги ТАССда орун алган кабарга караганда, дипломатиялык бир булактын маалымдоосунда май айынын акырында орто эсеп менен 100 Түрк аскери келишимге ылайык 2019-жылы тапшырыла турган С-400 абадан коргонуу системаларын колдонуу үчүн Орусиядагы бир аскердик базада билим алуусун баштайт. Билим алуу орто эсеп менен 5 айга созулат.

«Йени шафак» гезити «Суусуз талааны иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген ойлоп табуу» деген кабарында Конияда сугат маселесине чечүүчү жол табуу максатында изилдөөсүн баштаган 3 жолдош, мөмө жана жашылча өстүрүүдө суусуз талааны пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген «Ekobox» чечүүчү жолун ойлоп тапканын маалымдаган. Бак жана мөмө көчөттөрүнүн болгону 16 литр суу колдонулуп өстүрүлүшүн жана тамырынын жердеги суу булактарына жетишин камсыздаган система; чөл, таштак жер жана кургак аянттарда дагы мөмө жана жашылча өстүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул ойлоп табууга чет өлкөдөн да чоң талап болууда.

«Ватан» гезити «Түрк футболчусу Озан Кабактын баасы көздүн жоосун алды» деген маалыматында эл аралык спорттук иликтөөлөр борборунун баа берүүлөрүнө караганда Европанын 5 чоң лигасында трансфер баасы эң жогору болгон U20 футболчуларынын алдыңкы 50 тизмеси белгилүү болгонун малымдаган. Тизмеде бир түрк оюнчусу да орун алды. Галатасарайдан Германиянын Штутгарт клубуна 11 миллион еврого трансфер болгон Озан Кабактын тизмедеги баасы суктандырды. Тизмеде Озан Кабактын баасы 20,8 миллион евро деп бааланды.



Тектеш кабарлар