Түрк басма сөзү 22.03.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезттерден кыскача маалыматтар.

1168618
Түрк басма сөзү 22.03.2019

«Стар» гезити «Трамптын Голан дөңсөөлөрү тууралуу билдирүүсү дагы көп зомбулукка жол ачат» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын Израилдин эл аралык мыйзамга тескери кыймылдарын мыйзамдаштыруу аракетинин аймакта дагы көп зомбулукка жол ачары боюнча эскерткендигин жазган. Чавушоглу  социалдык медиа эсеби твиттерден берген маалыматында : «Өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгү эл аралык мыйзамдын эң негизги принциби. АКШнын Израилдин эл аралык мыйзамга тескери кыймылдарын мыйзамдаштыруу аракеттери аймакта бир гана зомбулуктун дагы да күч алышына жол ачат. Түркия Сириянын жеринин бүтүндүгү колдоого алынышы керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу : Европа Парламенти Европанын орток баалуулуктарын колдоодон алыс» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Европа Парламентинде күчөп бара жаткан расистикке көңүлдөрдү бургандыгын белгилеген. Европа Парламентинин барган сайын саны өсүп бара жаткан расист жана радикал депутаттардын айынан эми Европанын орток баалуулуктарын жактай турган бир платформадан алыстагандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Европа Парламенти бир гана Түркияга карата эмес, Европа Биримдигине карата коркунучту туудурууда. Булар ансыз да Европа Биримдигине да каршы»,- деди.  

«Йени шафак» гезити «Түркияда бир алгачкы: 3 миң 500 метрден нефть чыгарылды» деген кабарында дүйнөдө акыркы жылдарда ылдам жайылган жаңы бир өндүрүш техникасы болгон гидро техникалык жардыруу методу менен углеводород өндүргөн өлкөлөрдүн арасында Түркиянын да бар экендигин жазган. Энергетика жана жарытылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Диярбакыр жана Сиирттеги нефть изилдөө иштерине байланыштуу  кубанычтуу маалыматтарды бергендигин жазган. Дөнмез Диярбакырдагы «Мермер  -1» аянтында жердин 3 миң 500 метр асты жардырылып Түркия нефтилери тарыхында биринчи жолу бул метод менен нефть чыгарылгандыгына көңүлдөрдү бурду. Түркия таштардын арасында калган нефтини эми бул жол менен чыгарат.

«Сабах» гезити «Түрк сериалдарынын лицензиялуу товарлары бул жарманкеде» деген маалыматында Стабул Jewelry Showдун  21 – 24 – мартта 48 -  жолу өткөрүлүп жаткандыгын билдирген. Стамбул Jewelry Show бүгүн CNR Expo, Стамбул жарманке борборунда каалгаларын ачты. Жарманке 24 өлкөдөн 1250 фирма жана марка менен 120дан ашуун өлкөдөн 30 миңден ашуун баалуу таштар секторунун профессионалын тосуп алды. Жарманкеде дүйнөдө биринчи жолу өткөрүлгөн Ясин  - и Шериф тасписи таанытылды. Таспинин баасы 350 миң лирадан кардарларына сунушталды. Жарманкеде өзгөчө тарыхый сериалдардан лицензиялуу  «Дирилиш Эртугрул», «Пайитахт Абдүлхамид» жана «Мехметчик Кутул Зафер» сериалдарынын аксесуарлары орун алды.

«Хүррйиет» гезити «Түркиянын жашыруун бейиши Финике» деген кабарында дүйнөгө белгилүү апелсини, табияты жана тарыхы менен Финике   Анталиянын теңдеши жок райондорунун бири экендигин жазган. Финике Торос тоолорунун этеги менен Жер Ортолук деңиздин арасында жайгашкан, апелсин бакчалары, таптаза пляжы жана булуңдары менен ызы  - чуудан алыс, адамга тынчтык берген бир жер. Район көптөгөн жылдардан бери эч өзгөрбөгөн тыптынч жер катары өзгөчөлүгүн сактап келет. Чоң үйлөрү, табигый, маданий жана тарыхый аянттары, шаар турмушу, пляждары жана деңизи менен эң кооз эс алуу жерлеринен болгон Финике дүйнөнүн бардык жеринен кызыгууларды тарткан жер.



Тектеш кабарлар