Түрк баса сөзү-21.02.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1150001
Түрк баса сөзү-21.02.2019

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын маанилүү билдирүүлөрү» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мунай зат издөө иш-аракеттерине токтолуп,«Өлкөбүздүн жана Түндүк кипрдик туугандарыбыздын энергетика булактарындагы укуктарын жактоодон баш тартпайбыз. Иштерибизди акырына дейре улантып, буюрса улутубузга сагынуу менен күткөн сүйүнүчтүү кабарды да беребиз»-деп айтканын баяндаган.Анкаранын Алтындаг районунун Карапүрчек мааласындагы «Көроглу» сейил багында өткөн тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган, “Күн тартибибизде чек ара аймагыбызда коопсуз аймак куруу бар»,-деп айтып, Түркиядагы 310 миң сириялык башкалкалоочунун үйлөрүнө кайтканын маалымдады..

«Стар» гезити «Энергетика жана жаратылыш ресурстары минстри Фатих Дөнмез, Алиев менен жолукту» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары минстри Фатих Дөнмездин кечээ Түштүк газ коридорунун кеңешүү тобунун 5-Министрлер жыйналышына катышуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынганын жазган. Азербайжандын Президенттик аппаратынан маалымдашкандай Алиев, Транс Анадолу жаратылыш газ кууру ТАНАП менен 1 миллиард куб метрден ашык газдын Түркияга өткөрүлгөнүн айткан. Анда жолугушууларга орун берилип министр Дөнмез, ТАНАП жана СТАР май тазалоо ишканасы сыяктуу чоң долбоорлор келечекте улана турганын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түрк хурургдары чек аранын ары жагында операция жасады» аттуу маалыматында Түркиянын ар башка университеттеринен ыктыярдуу 6 професосордун Ирактын Керкүк шаарында ден-соолугу орчундуу абалдагы 30 бейтапты операция жасап өмүрүн сактап калганын баяндаган. Гази, Йылдырым Бейазыт, Османгази, Нежметтин Эрбакан жана Селчук университтеринен ар башка тармактардагы ыктыярдуу 6 профессор жана тобу Керкүктө семинар өткөрүп, конференциялар менен медицинада келип жеткен жерди түшүндүрдү. Ыктыярдуу хирургдар баш калкалоочу лагерлеринен баштап шаардагы ооруканалар жана саламаттык сактоо пункттарынан өз билдирүүлөрүн айтышты.

«Хүррийет» гезити «89-Женева автомобиль жарманкесине саналуу күндөр калды» аттуу маалыматында дүйнөнүн эң маанилүү жана престиждүү автомобиль жарманкелеринен бири болуп кабыл алынган Швейцариядагы 89-Женева автомобиль жарманкесине түрк фирмалары да катыша турганын белгилеген. Бул жарманке 1905-жылы башталып, 1924-жылы эл аралык жарманкеге айланган.

«Сабах» гезити «Стамбул Дон Кихот багытына кошулат» деген кабарында заманбап Европанын алгачкы романы деп кабыл алынган «Дон Кихотту» жазган испан жазуучусу Сервантес тууралуу «Сервантес Стамбулда» аттуу 2 күнгө созула турган иш-чара өтө турганын маалымдаган. Стамбулду «Дон Кихоттун» багытына кошконун расмий түрдө кабыл алган иш-чара Стамбул Мэриясынын катышуусунда Маданият акционердик коому жана Сервантес институтунун кызматташуусунда 22-23-февраль күндөрүндө «Жемал решит Рей» концерт залында болот.

 



Тектеш кабарлар