Түрк басма сөзү  12.02.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1143471
Түрк басма сөзү  12.02.2019

«Ватан» гезити  «Орчундуу ысым Түркияда» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ Орусия федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкандыгын жазган. Жолугушууда Сочиде 14 -  февралда Орусиянын президенти В. Путин менен президент Р. Т. Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен өткөрүлө турган төртүнчү үчтүк саммиттен мурда Сириядагы абалдар, Идлиб жана аймактагы  акыркы абалдар каралды.

«Сабах» гезити «Түрк бүркүтү мыкты учак дизайн сыйлыгын алды» деген маалыматында «Түрк бүркүтү ALPINA» Европанын эң престиждүү жарыштарынын арасында көрсөтүлгөн «"German Design Awardsта" 10 жылдан кийин бир учак дизайнына берилген  «мыкты дизайн» сыйлыгына ылайык көрүлдү. ALPINAнын кургактыкка жана сууга да коно алышы, энергиясын  үнөмдөө өзгөчөлүгү белгилүү дизайнерлердин купулуна толду.

«Хабер түрк» гезити «Антарктида тектери марс иликтөөлөрүнө булак болот» деген маалыматында Антарктидада илимий эмгектерин акырына чыгарган Стамбул Техникалык Университетинин геология инженердиги бөлүмүнүн изилдөө кызматкери Ягмур  Гүнеш марс изилдөөлөрүндө үлгү аймак болгон континенттеги көлдөр жана тектерден алган материалдар менен «кызыл планетага» карата эмгектерге салым кошорун жазган. Континентте жүргүзгөн изилдөөлөрдүн маанисине токтолгон Гүнеш : «Өлкөбүздө космостук иликтөөлөр ылдам түрдө мааниге ээ болуп жаткан акыркы мезгилде мындай эмгектердин колдоого алынышы бул тармакта орун алууга даярданып жаткан өлкөбүз үчүн абдан маанилүү»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Байбуртта иштетилип 4 материкке жайылууда» деген маалыматында Байбурттагы бир завод Байбурт башта болгон бир топ облустан чыгарылган табигый таштарды иштетип, кыска убакытта маанилүү бир ийгиликке жетишип, Америка, Европа, Азия жана Африка материгиндеги 16 өлкөгө табигый таш сатууда. Заводдун  башкы директору Нуруллах Шентүрк Байбурттун табигый таш резервдери жактан абдан бай жер астындагы булактарга ээ экендигин, бул жылкы максаттарынын экспорт санын 500 миң долларга чыгаруу экендигин айтты.

«Йени шафак» гезти «Стамбулдун суу астындагы байлыктары ачыкка чыгып жатат: дүйнөгө таанытылат» деген макаласында Стамбулдун суу астындагы байлыктары бүгүн кечинде Жемал Решит Рей концерт залында өткөрүлө турган атайын иш чара менен көрүүчүлөрдүн назарына чыгарыларын жазган. Стамбул мэри туризм директорлугу 52 күндө 33 башка жерде 100дөн ашуун чумкуу менен тартылган «Эки деңиз бир шаар : суу астынан Стамбул» аттуу даректүү фильм менен Стамбулдун суу астындагы байлыктарын дүйнөгө таанытат. Даректүү фильм менен Стамбулдун суу астындагы туризми жана жандуулар түрдүүлүгү дүйнөгө таанытылып, суу астындагы жандуу түрлөрүн коргоо айырмачылыгын жаратат.

 



Тектеш кабарлар