Түрк басма сөзү-5.02.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1139092
Түрк басма сөзү-5.02.2019

«Ватан» гезити «Сириялык Фида;Түрктөрдү көргөндө бул дүйнөнүн дагы деле жакшы экенин сеземин» деген маалыматында Сирияда Башар Асад режиминин кол салууларында бутунан ажыраган, атасынан жана бир туугандарынан ажырап калганына карабастан чек арадагы баш калкалоочулар жайгашкан лагерлерде ыктыярдуу окутуучулук кызматын аркалаган Фида Хасандын Түрк уюмдарынын көмөгү менен протезге ээ болгонун маалымдаган. ТРТ Даректүү тасма канылы 2-февралда аңгемесин жарыялаган Фида: «Түрк улуту жылмайып салам берет жан аабдан жакшы. Көчөдө мени көргөн адамар мага жардам беришти. Анткени мен анда коляска менен жүрчүмүн. Түрктөрдү көргөндө бул дүйнөнүн дагы деле жакшы экенин сеземин. Өмүрүмдүн акырына чейин аларга ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия, дүйнөдө алдыңкы 10 коргонуу өнөр жайынын өндүрүүчүлөрүнөн бири» аттуу маалыматында Президенттиктин Коргонуу өнөр жайы башчылыгынын жетекчи орун басары Сердар Демирелдин, «Түрк коргонуу өнөр жайчысынын өтмүш 15 жылын караганыбызда жогору карай багыт алган кеңири желдеткич сыяктуу дүйнөдөгү алдыңкы 10 коргонуу өнөр жайынын өндүрүүчүлөрүнөн бирине айландык»,дегенин берген. Түркиянын улуттук танкасын чет өлкөдөн эч кандай кошумча албастан өзүнүн өнүктүргөнүн, F-35 согуштук учак долбоорунда олуттуу салымы болгонун белгилеген Демирел: «Атайын тик учагыбыз Гөкбей сыноо учууларын улантууда»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң баалуу банктарынын арасында Түрк банкы да бар» аттуу маалыматында Зираат банкы, Дүйнөнүн алдыңкы марка баасын берүү фирмасы Бренд Финанстын Банкчылык 500 тизмелөөсүндө 2017 жана 2018-жылдарда марка баасын эң көп арттырган Түрк банкы катары тизмеге киргенин маалымдаган. Казына жана каржы министри Берат Албайрак, социалдык медиа барагы Твиттердеги жарыясында, эң баалуу Түрк банкы болгон Зираат Банкын куттуктады.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунун жаңы жарнама ролиги Супер Кубокто көрүүчүлөрүнө тартууланды» аттуу маалымтанда Түрк аба жолдорунун дүйнөгө таанымал англис режиссер жана продюсери Ридли Скот менен тарткан «Жол тартуу» аттуу кыска ролигинин 30 секунддук версиясы дүйнөдөгү эң көп көрүлгөн спорттук иш-чарасы Америка футболунун финалы Супер Бовлда көрсөтүлгөнүн баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Газиантепте туристтер үчүн чийилген жаңы багытка кызыгуу артууда» деген маалыматында ушул убакка дейре музейлери менен катар гастрономия жаатындагы түрдүүлүгү менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан Газиантеп, тонналаган чоң жарлардан турган жана Коло доорунан калган көрүстөндөрдү туристтердин зыярат кылуусу үчүн ачканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар