Түрк басма сөзү  22.01.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1130702
Түрк басма сөзү  22.01.2019

                              

«Стар» гезити «Президент Эрдоган : мунун баасын оор төлөйт» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар бирмдигинин экономика кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолгондугун жазган.. Эрдоган сөзүндө : «Биз Жудиде, Габарда террористтер менен күрөшкөн жокпуз. Ал биз үчүн экинчи планда. Биринчи планда чек аранын ары жагында террор жана террористтер менен күрөшүп жатабыз. Албетте бул күрөш оңой күрөш эмес. Мындан кийин да оңой болбойт. Күрөштү улантабыз. Ким болсо болсун кымындай да кол салуу боло турган болсо мунун баасын оор түрдө төлөйт»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулда жашоонун беш себебинин бирөөсү» деген макаласында белгилүү иш жана экономика гезити Financial Times гезитинин 21 -  январдагы санында «Стамбулда жашоо үчүн беш себеп» деген темадагы кабарга орун бергенин жазган. Кабарда Стамбулдун заманбап өнөрдүн борбору болушу бул себептердин эң башында көрсөтүлүп, сентябрь айында француз куратор, жазуучу жана академик Николя Буррионун жетекчилигинде «Жетинчи континент» деген темада Түркия жана дүйнөдөн көптөгөн өнөрпоздун катышуусу менен өткөрүлө турган 16 -  Стамбул биеналиндин 2019 -  жыл эл аралык өнөр календарынын эң кызыктуу иш чараларынын арасында орун алгандыгын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропортуна көчүү күндөрү дүйнөгө расмий түрдө жарыяланды» деген кабарында

НОТАМ деп аталган учкучтарды маалыматтандыруу менен Стамбул аэропортуна көчүү күнү менен программасы  дүйнө менен бөлүшүлгөндүгүн жазган. Көчүрүү программасы боюнча Стамбул аэропортуна көчүү процесси 2019 -  жыл 1 -  март күнү саат 03:00дө башталып, 3 -  март күнү саат 00:00дө аяктайт. Ататүрк аэропорту тарифтүү жана тарифсиз ички жана тышкы каттамдар үчүн 2019 -  жыл 3 -  март күнү саат 00:00дөн баштап жабылат.

«Йени шафак» гезити «Анталия 2019 -  жылга да туризм рекорду менен кирди» деген маалыматында Анталияга 2019 – жылдын биринчи 20 күнүндө келген чет элдик турист саны бардык учурлардын рекордуна жетип 100 миңден ашкандыгын билдирген. Жетишилген сан рекорддор жылы 2018дин   ушул эле мезгилинен 63 пайызга айырмачылык көрсөттү.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунан Super Bowl түрткүсү» деген кабарында АКШнын эң чоң спорттук иш чарасы болгон Америка улуттук футбол лигасынын финал оюну Super Bowl 3 -  февралда өткөрүлө турган шаар болгон Анталияга түздөн түз учкан түрк аба жолдору Super Bowlда дагы бир жолу рекламасы менен орун алат. Реклама менен АКШда билинүүнү күчтөндүрүүнү максат кылган түрк аба жолдору беттешүү үчүн да дүйнөнүн бир топ жеринен шаарга көрүүчүлөрдү алып келет.



Тектеш кабарлар