Түрк басма сөзү-26.11.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1094971
Түрк басма сөзү-26.11.2018

«Хабер түрк» гезити «МИЛГЕМ жана АТАК экспортунан кийин Пакистанга тобу менен баруу» аттуу маалыматында Түркиянын Коргонуу өнөр жайы быйыл МИЛГЕМ жана АТАК тик учагы экспортуна карата түзүлгөн келишимден кийин Пакистанда ишке ашырыла турган коргонуу өнөр жайы жарманкесине күчтүү катышууну көрсөтө турганын жазган. Пакистандын Карачи шаарында 27-30-ноябрь күндөрүнүн аралыгында онунчусу өткөрүлө турган IDEAS эл аралык Коргоо өнөр жайы жарманкеси жана семинары, дүйнө жүзүнүн бир топ өлкөсүнөн коргонуу өнөр жайынын өкүлдөрү жана жогорку рангадагы расмий делегацияларды жолугуштурат.

«Сабах» гезити «Коопсуздук күчтөрүнө «зооттолгон унаа» кошумчасы» аттуу маалыматында Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын коопсуздук күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо максатында жүргүзгөн долбоорлорунун алкагында ВМС тарабынан жасалып чыккан «Кирпи-2» унааларынын алгачкы тапшыруусу ишке ашканын маалымдаган. Кирпи-2 унаалары кызматкер, курал, ок-дары жана камсыздоочу материалдардын коопсуз жана ылдам түрдө ташылышы, маневр элементтерине таасирдүү жана туруктуу аскердик кызматка колдоо көрсөтүлүшү, классикалык аскердик кыймыл менен катар күчтүү мина/ колго жасалган жарылуучу заттардын коркунучу болгон террористтер менен күрөшүү, тынчтыкты колдоо жана чек ара кызматтарында кызматкер ташылышы максаты менен алынды.

«Йени шафак» гезити «Түрк макарондору 154 өлкөгө экспорттолуп жатат» деген маалыматында Түркиянын макарон өнөр жайчылары коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Абдулкадир Күлахчыоглу, Түркиянын 154 өлкөгө макарон экспортогонун белгилеп, «Макарон экспортубуз 2016-жылы 831 миң тонна болсо, өткөн жылы 1 миллион 55 миң тоннага жогорулады. Үстүбүздөгү жылды болсо 1 миллион 200 миң тонна менен жабууну көздөөдөбүз»,-деди. Күлахчыоглу өзгөчө Африка өлкөлөрүнүн абдан көп макарон талаптаганына көңүл буруп, экспорттун 68 пайызы бул материкке жасалганын маалымдады.

«Ватан» гезити «Түркияда дагы бир жаңылык! Жана ал каттоого алынды» деген маалыматында Антальянын Газипаша районунда үч жыл мурда сыноо максаттуу эгилген жана кыска мөөнөттө киреше алып келүүчү мөмөгө айланган «ажыдаар мөмөсү» каттоого алынганын белгилеген. Түркиянын алгачкы каттоого алынган тропикалык мөмөсү; суусундук, салат, крошка жана мөмө түрүндө керектелет.

«Стар» гезити «Термалдык туризмдин борбор шаары Афионкарахисар өлкө ичи жана өлкө тышынан көп кызыгууну тартууда» деген маалыматында Түркиянын термалдык туризм борборлорунан Афионкарахисарга өзгөчө кыш мезгилинде өлкө ичинен жана өлкө тышынан абдан көп кызыгуу болуп жатканын жазган. Бай минералдуу жылуу суулары менен атактуу Афионкарахисарда 42 градустагы термалдык бассейндердерден жай кышы дебестен пайдаланылса болот. Беш жылдыздуу мейманканалар дагы арасында болгон бир топ комплексте жергиликтүү жана чет элдик туристтер эс алышууда жана ар түрдүү тынчсызданууларын дарылоо мүмкүнчүлүгүн таап жатышат.



Тектеш кабарлар