Түрк басма сөзү 02.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1080137
Түрк басма сөзү 02.11.2018

«Ватан» гезити «Министр Албайрак маалымат берди» деген кабарында казына жана каржы министри Берат Албайрактын : «Дүйнө банкынын иш аткаруу жеңилдиги 2019  отчетунда Түркия 2018 -  жылга караганда 17 баскыч жогорулап 190 өлкөнүн арасында 43 -  орунга келди»,- деген кабарын бөлүшкөн. Берат Албайрак маалыматында : «Өлкөбүз 2018 -  жылы аткарган реформалардын саясында бул жылы биринчи жолу эң көп реформаны ишке ашырып жакшыруу көрсөткөн 10 өлкөнүн арасында орун алды. Глобалдык инвесторлор үчүн колдоо функциясын аткарган отчет ишке ашырылган саясаттардын инвестор ишенимин жогорулатуудагы ийгилигин да ортого салды»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Экспортто республика тарыхындагы рекорду» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжан октябрь айынын экспорт санын билдиргендигин жазган. Октябрь айында экспорт мурунку бир жылдын ошол эле айына караганда 13, 1 пайыздык катнашта өсүп, 15 миллиард 732 миллион долларга жогорулаган. Экспорт бул көрсөткүчү менен бардык мезгилдердин эң жогорку деңгээлине чыкты жана республика тарыхында рекордго жетти.

«Хүррийет» гезити «Элазыгда чыгып, 4 континентте 45 өлкөгө жеткирилүүдө» деген макаласында  Элазыгда чыккан мрамордун жалпы Түркияда жана өлкө тышындагы маанилүү жерлерде колдонулуп жаткандыгын жазган. 6 ири мрамор карьери болгон Элазыгдан чыккан мраморлор Кааба жана Ак үйдө колдонулган. Акыркы жолу жаңы ачылган Стамбул аэропортунда да колдонулган мраморлордун экспорту менен өлкөгө абдан чоң суммада валюта кирди. Элазыгдан чыгарылган мраморлор 4 континентте Кытай, Индия, Вьетнам, Италия, Сауд Аравия, Орусия жана АКШ баш болгон 45 өлкөгө жиберилүүдө.  

«Сабах» гезити «Түркия 98 өлкөгө туздалган жашылчаларды экспорттоп жатат» деген кабарында иммунитетти күчтөндүргөн бир топ витамин жана минералдар болгон туздалган жашылчалар экспортто да маанилүү валюта булагы болду. Түркия 2018 -  жылдын январь  - сентябрь мезгилинде 98 өлкөгө 151 миллион долларлык туздалган жашылча экспорттоду. Эгей аймагынан жасалган 121 миллион долларлык туздалган жашылча экспортунда туздалган корнишон бадыраң экспорту 40 миллион 418 миң долларлык нарк менен эң жогорку чегине жетти.

«Стар» гезити «Түрк илимпоздорунан ракета ылдамдыгын өзгөрткөн техгология» деген кабарында Билкент университетинде абада кыймыл абалындагы ракеталардын ылдамдыгын автоматтык түрдө өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берген акылдуу компьютердик программанын түзүлгөндүгүн жазган. Билкент университетинин механикалык инженерия бөлүмүнүн мугалими доктор Йылдырай Йылдыз : «Аткарган эмгегибиз менен абада кыймыл абалындагы ракеталарга жаңы бир өзгөчөлүк алып келген болдук. Бул акылдуу программа менен ракеталар  абада кыймыл абалында болсо да ылдамдыгын азайта алат же ылдамдыгын арттыра алат. Ушундайча ракеталар бутасын дагы жакшы мээлей ала турган өзгөчөлүккө ээ болот»,- деди.



Тектеш кабарлар