Түрк басма сөзү 15.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1032612
Түрк басма сөзү 15.08.2018

«Хүррийет» гезити «АКШнын электроникалык товарларын бойкот кылабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия АКШнын электроникалык товарларын бойкот кыла турганын айтканын билдирген. Эрдоган саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фонду (SETA) тарабынан Анкара соода палатасынын борборунда уюштурулган «Башкаруусунун 16-жылында Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия)» аттуу симпозиумда АКШнын санкция чечимине токтолуп, бардык чараларды көрүп жаткандарын жана чара көрүүнү уланта тургандарын айтты.

 «Хабер түрк» гезити «Түркия бул кризисттен ийгиликтүү чыгып кетет» деген маалыматында Түркияга келген элчилер менен жолуккан Түркия Улуттук Улуу жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым: «Түркия саясий эсептер менен жасалган экономикалык мажбурлоолорго жабык. Түркия бул кризистен ийгиликтүү чыгып кетет. Валюта курсундагы өзгөрүүлөр Түркиянын экономикалык көрсөткүчтөрү менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбойт. Бул абалдын негизи экономикалык эмес, саясий болуп саналат»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Албайрак чет элдик инвесторлор менен сүйлөшөт» деген маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрак, эртең чет өлкөлүк инвесторлор менен телеконференция аркылуу сүйлөшө турганын билдирген. Чет элдик инвесторлор менен телеконференция аркылуу алгачкы сүйлөшүүсүн өткөрө турган Албайрак, акыркы экономикалык абалдан кийин дүйнөлүк инвесторлорго өз билдирүүсүн түздөн-түз жеткирет. Телеконференцияга АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгыштагы инвесторлор менен катар дүйнөнүн жалпысындагы 750-1000 катышуучунун катышаары күтүлүүдө.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору АКШлык компанияларга жарнама бербей турганын билдирди» аттуу маалыматында Түркиянын эң маанилүү компаниялары АКШга карай жарнама эмбаргосу акциясына колдоо көрсөтүп жаткандарын белгилеген. Түрк Телекомдон кийин Түрк аба жолдору дагы АКШлык компанияларга жарнама бербей тургандыгын билдирди.

«Стар» гезити «Ванда урартулардын таман изи табылды» деген маалыматында Тарыхый Ван чебинин айланасында Стамбул университетинин адабият факультетинин Ван аймагы боюнча археологиялык изилдөө борборунун директору Эркан Коньярдын жетекчилигиндеги казуу иштеринде урартулардын таман изинин табылгандыгын билдирген. Узундугу 26 сантиметр болгон таман изи керектүү иликтөөлөрдөн кийин музейге таршырылат.



Тектеш кабарлар