Түрк басма сөзү-9.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1028970
Түрк басма сөзү-9.08.2018

«Йени шафак» гезити «Орчундуу жолугушуу» деген маалыматында Түркия жана АКШ кечил Эндрю Крейг Брансон менен башталган жана эки тараптуу түрдө адилет жана ички иштер министрлерине санкцияларды киргизүү менен күчүгөн кризисти чечиш үчүн жолугушуу үстөлүнө олтурганын маалымдаган. Вашингтондогу алгачкы жолугушууга тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жетектеген 9 кишилик делегация катышты.

«Хүррийет» гезити «Болот экспорту артты» деген маалыматында үстүбүздөгү жылдын 7 айында 2017-жылдын тийиштүү мезгилине караганда болот секторунда экспорт 26,7 пайызга өсүп 8,4 миллиард долларга жеткенин жазган. Бул мезгилде болот секторунун көлөм жагынан эң көп экспортту ишке ашырган өлкө тобу Европа Биримдиги болду. ЕБ өлкөлөрүнө экспорт жылдын 7 айында 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 62,9 пайызга өсүп 3 миллиард 604 миллион 730 миң долларга жетти.

«Сабах» гезити «Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин маанилүү билдирүүлөрү» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Атомдук станция жагынан Аккую жана Синоптон кийин үчүнчү долбоордун Фракияда курула турганын айтканын баяндаган. Дөнмез: «Фракиядагы станцияны Кытай менен чогуу салабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Дүйнөдө алгачкы болот» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхандын Түркиянын сыймыктануучу долбоорлору үчүн иштерди ылдамдаткандарын белгилеп өткөнүн маалымдаган. Турхан коомдук пикирде, «Мега долбоор» деп билинген 3 кабаттуу ири Стамбул Тоннели долбоорунун дүйнөдө алгачкы болгонун эске салып, иштери уланып жаткан долбоордун Сал-Иштет-Өткөрүп бер модели менен тендер жарыясына чыга турганын айтты.

«Стар» гезити «Мыксыз мечит жылдарды карытууда» деген маалыматында Кастамонунун Касаба айылында Жандароглу бейлеринен Адил Бейдин уулу Эмир Махмут Бей тарабынан мык колдонулбастан 1366-жылы салдырылган жыгач Махмут Бей мечити, жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда экенин баяндаган. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын убактылуу тизмесинде орун алган мечиттин туруктуу тизмеге алынышы үчүн иштер уланууда.



Тектеш кабарлар