Түрк басма сөзү-17.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

953161
Түрк басма сөзү-17.04.2018

«Сабах» гезити «Доллардын ордуна алтын менен карыз алынсын» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Эл аралык валюта корунун (IMF) өлкөлөрдү камкорчулук астына алганын белгилеп, «Карыз берүүлөр доллардын ордуна алтын менен болсун» деген сунушун кылганын маалымдаган. Стамбулда уюштурулган Глобалдык демилгечилик конгрессинде сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Демилгечи руху болгон мамлекеттер шериктештигинин бул дүйнөдө өзү курган мекемелерди да абдан жакшы тартипке салышы керек. IMFти курган ким? Бул мамлекеттер. Мисал үчүн Чоң жыйырмалыктын жыйынылышында «Эмне үчүн бул карыз берүүлөрдү доллар менен кылып жатасыздар. Келгиле бул жерде башка акча бирдигин колдонолу» деген сунуш айттым. Мен мындай деп жатам; бул карыз алуулар алтын менен болсун. Доллар менен дүйнө жүзү курс кысымынын астында калууда. Мамлекеттерди жана улуттарды бул курс кысымынан куткарышыбыз керек»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Орусиянын эл өкүлү; Эрдогандан үлгү алышыбыз керек» аттуу маалыматында Орусия Парламентинин астыңкы баскычы Думанын коргоо комиссиясынын жетекчисинин биринчи орун басары Александр Шерин, улуттук кызыкчылыктардын корголушу үчүн президент Режеп Таййип Эрдогандын кийлигишүүсү үлгү кылып алынышы керектигин баса белгиледи. Орусиянын расмий телеканалы 1-Каналдын түз эфириндеги программада сөз сүйлөгөн эл өкүлү Шерин: «Эгерде Эрдоган сыяктуу күрөшпөсөк АКШнын таасиринен кутулуубуз кыйын болот. Кызыкчылыктарыбызды коргош үчүн Эрдогандын күрөшүүсүн үлгү кылып алышыбыз керек. Эгерде биз да Эрдогандын мамилесин туурасак Вашингтон тынчыйт»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жалгандарын ачыкка чыгарды» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Франциянын президенти Макрондун «Асад режимин атып, Түркияны Орусиядан алыстаттык» деген билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Анкарада маалымат жыйын өткөргөн Чавушоглу, Макрондун Анкарадагы президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани катышкан саммитте орун алгысы келгенин, бирок четке кагылганын айтты. Чавушоглу, Макрондун билдирүүлөрүнүн ар башка өлкөлөр тарабынан да жарыяланганын белгилеп, «Бир президентке жарашкыдай билдирүү таратышын күүдөбүз» деп айтты жана Макронду чынчыл болууга чакырды.

«Ватан» гезити «Улуттук согуштук учак TF-Xтин макети көргөзмөгө коюлду» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космостук өнөр жайдын (TUSAŞ/TAI) өнүктүрүп жаткан Түркиянын кош моторлуу 5-муундагы учагы TF-X долбоорунун макети Малайзиядагы DS2018 коргоо жарманкесинде орун алганын баяндаган. Түрк куралдуу күчтөрү муктаждыктарын камсыздоо үчүн баштатылган Улуттук согуштук учак (ММU) долбоору менен Түрк аба күчтөрү командирлигинин инвентарында орун алган жана 2030-жылдан тарта баскычтуу түрдө процесстен чыгарылышы пландалган F-16 учактарынын ордун ээлей турган өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөр менен долбоорлонгон заманбап учактардын жасалып чыгышы максатталууда. Түркия, дүйнөдө АКШ, Орусия жана Кытайдан кийин 5-муундагы согуштук учагын өндүрүп чыгара турган базис жана технологияга ээ болгон өлкөлөрдүн арасында орун алат.

«Хабер түрк» гезити «Троя жылына Түрк аба жолдорунан колдоо көрсөтүү» аттуу маалыматында Маданият жана туризм министрлиги тарабынан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданият мурастары тизмесине кабыл алынышынын 20-жылында 2018-жыл «Троя жылы» деп жарыяланганын маалымдаган. Түрк аба жолдорунда Airbus 321 үлгүсүндөгү учагы Троя атынын сүрөтү менен кооздолду. THYдын Airbus 321-200 үлгүсүндөгү ТС-JTP куйрук каттоосу болгон учагына Троя атынын сүрөтүн чапташты жана «The Year Of Troy» жазуусу кийгизилди. Троя аты темалуу THY учагы жаңы абалы менен алгачкы каттамын кечээ саат 16:15те Стамбулдан Женевага жасады. THYнын Троя учагы бир топко каттамдарын ушундай түрдө ишке ашырат жана Троянын таанытылышын камсыздайт.



Тектеш кабарлар