Түрк басма сөзү 4.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

860772
Түрк басма сөзү 4.12.2017

«Сабах» гезити «Түркия Европа Биримдигинин 7 критерийин аягына чейин чыгаруу үчүн ишке киришти» деген маалыматында Анкара Европа Биримдиги менен визасыз режимди камсыздоо үчүн процессти тездетүүнү чечкенин билдирген. Визадан бошотуу үчүн орундатылыш керек болгон акыркы 7 критерийди аткаруу темасында таштала турган кадамдар белгиленди. 7 критерийдин алкагында Түркиянын таштай ала турган кадамдары тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, адилет министри Абдулхамит Гүл жана ички иштер министри Сулейман Сойлунун ортосундагы жыйында белгиленди. Министрлер Европа Биримдигине сунуштай турган позиция документи боюнча бирдей пикирде болушту. Бул документ президент Режеп Тайип Эрдогандын бекитүүсүнө сунушталат.

«Йени шафак» гезити «Ирандан 100 миллирд долларлык чакыруу» аттуу маалыматында Ирандын мунай зат министринин кеңешчиси Амир Талебиан, энергетика тармагында пландалган 100 миллиард долларлык 6 маанилүү долбоордун инвестициясы үчүн түрк менчик секторун чакырганын билдирген. АКШ менен БУУнун эмбаргосунун себебинен Түркиянын бул долбоорлор үчүн алдыңкы планда турганына көңүл бурган Талебиан: «100 миллиард долларлык инвестицияда Түркия менен чогуу иштешүүбүз аймактык жана глобалдык жактан таасирдүү болооруна ишенебиз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Орчундуу долбоор 2018-жылы башталат» деген маалыматында өкмөттүн «БУРАК» үчүн ишке киришкенин билдирген. Спутник учурууда тышка көз карандылыкты соңуна чыгара турган Космостук иликтөө ракетасы долбоору БУРАК 2018-жылы башталат. Долбоордун техникалык-экономикалык иштери аяктады.

«Стар» гезити «Ислам дүйнөсүнүн Нобелин түрк профессор Сами Эрол Геленбе жеңип алды» деген маалыматында Иранда өткөрүлгөн жана Ислам дүйнөсүнүн Нобели катары билинген Мустафа сыйлыгын Лондондун Империялык колледжинде эмгектенген түрк профессор Сами Эрол Геленбенин алганын билдирген. Компьютер тармактары менен системалары жана алардын математикалык анализ изилдөөлөрүнөн улам Мустафа сыйлыгына татыктуу көрүлгөн түрк илимпоз Сами Эрол Геленбе айрыкча 500 миң долларлык акчалай сыйлыктын да ээси болду.



Тектеш кабарлар