Түрк басма сөзү 06.06.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2149357
Түрк басма сөзү 06.06.2024

Түрк басма сөзү 06.06.2024

«Хүррийет» гезити «Түрк басма сөзү эзилген палестиналыктардын үнү болду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ 8-Анадолу медиасы сыйлык тапшыруу программасында жасаган билдирүүсүндө: «Газадагы кыргындардын биринчи күнүнөн тарта басма сөз органдарыбыз палестиналык эзилгендердин үнү болду. Анадолу агенттигибиз жана ТРТ талаадагы эр жүрөк кызматкерлери менен Газадагы киши өлтүрүүлөрдү бүткүл дүйнөгө кеңири түшүндүрдү»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиянын Кытайга «уйгур түрктөрү» боюнча кайрылуусу» аттуу маалыматында Кытайда жолугушууларды өткөргөн тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кытайдын мамлекеттик CCTV каналында бул өлкөдөгү жолугушууларына баа бергенин маалымдаган. Фидан: «Уйгур маселесин байлык катары көрүү жана бул жерди эч кандай көйгөйлүү аймакты катары карабоо, дүйнөдөгү жана Ислам дүйнөсүндөгү, өзгөчө уйгурлардын маданий укуктары жана жашоосу жөнүндөгү түшүнүктү өзгөртүү Кытайдын пайдасына, биздин пайдабызга, ар кимдин пайдасына. Ошондуктан, биз дайыма айта турган нерсе бул; Биз Кытайдын бир Кытай саясатын колдойбуз, анын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдойбуз»,-деди.

«Ватан» гезити «Вандагы террордук операция» аттуу кабарында Ван облусунун Башкале айыл аймагында жикчил террордук уюмга каршы жандармерия тарабынан кечээ жүргүзүлгөн Боздоган-41 операциясында 3 террорист жок кылынганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Министр Болат: Түркия менен Тунистин ортосундагы соода көлөмү 1,6 миллиард доллардан ашты» деген кабарында соода министри Өмер Болаттын кечээ Түркия-Тунис инвестиция жана бизнес форумунда сөз сүйлөгөнүн жазган. Министр Болат: «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода көлөмү 2023-жылы 1,6 миллиард доллардан ашты»,-деп билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Түрксат 6А Флоридага жөнөтүлдү» аттуу макаласында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун Түркиянын алгачкы ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын космоско учурула турган АКШнын Флорида штатындагы Кейп Канаверал аба күчтөрү станциясына жөнөтүү аземине кечээ Анкарада катышканын маалымдаган. Июль айынын экинчи жумасында Түрксат 6Аны космостук орбитага чыгара тургандарын белгилеген министр Уралоглу Түрксат 6А спутниги менен дүйнө калкынын 65 пайызын түзгөн 5 миллиард кишиге жете турган кызмат көрсөтө тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар