Түрк басма сөзү-7.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

842772
Түрк басма сөзү-7.11.2017

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Орусия жана Кувейтке барат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сочиде Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугаарын жазган. Эрдоган эң акыркы жолу сентябрь айында Анкарага бир күндүк сапар менен келген Путин менен жолуккан. Эми 13-ноябрда Сочиде жолугат. Эрдогандын бир күндүк Сочи сапарында эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар менен катар Сирия жана Ирак маселеси каралат. Президент Орусиядан кийин Перс булуңу кризисине арачылык кылган Кувейтке барып Кувейттин эмири шейх Сабах аль-Ахмед эл-Жабир Эс-Сабах менен жолугат.

«Йени шафак» гезити «Стамбулга жаңы символ» аттуу маалыматында жаңы «Ататүрк» маданият борборунун (AKM) долбоорунун таанытылышы президент Реже Таййип Эрдоган тарабынан жасалганын маалымдаган. Эрдоган 2019-жылдын биринчи чейрегинде тейлөөгө кириши пландалган АКМнын символдук жер боло турганын айтты. Заманбап архитектурасы менен көңүл бурган жаңы АКМда 2500 кишилик опера залы, концерт залдары, көркөм өнөр галареялары жана китепканалар болот. Эрдоган, «15 жылда Түркияны 3 эсе өстүргөн болушубуз, Республика тарыхынын эң чоң, эң талашсыз, эң ийгиликтүү заманбапташуу жүрүшү болду. АКМнын ордуна салына турган жаңы чыгарма да бул түшүнүктүн чагылышы болот»,-деди.

«Сабах» гезити «700 миллион доллар Түркияда калат» аттуу кабарында Хаттат жана Эрен Холдингдин ортосунда түзүлгөн «Зетес-Хаттат жергиликтүү көмүргө айландыруу» протоколуна кол коюу аземине катышкан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын электр энергиясын өндүрүүдө 30 пайыздарда болгон импортттолгон көмүрдүн үлүшүн азайта тургандарын белгилеп: «Жергиликтүү өндүрүү артат. Быйыл 80 миллион тонна жылдык жергиликтүү өндүрүшкө өтөбүз. Максатыбыз 2018-жылдын акырында 100 миллион таннага жетүү жана Республика тарыхынын эң жогорку жергиликтүү көмүр өндүрүүсүнө жетүү»,дегенин берген.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын Ливан билдирүүсү» аттуу маалыматында Түркия, Түркия саясий биримдиги, ырааттуулугу, өнүгүүсү жана коопсуздугунун улантылышы үчүн Ливандын жана Ливан калкын колдоосун уланта турганын жарыялаганын баяндаган. Тышкы иштер министрлиги Ливандын премьер-министри Саад Хариринин кызматын таштоосуна байланыштуу билдирүүсүндө «Түркия саясий биримдиги, ырааттуулугу, өнүгүүсү жана коопсуздугунун улантылышы үчүн Ливандын жана Ливан калкын колдоосун улантат» деген маалыматын берди. Анда, дос жана тууган өлкө Ливанда премьер-министр Саад Хариринин кызматын ташташы менен башталган чыңалуулардын кылдат түрдө байкалып жатканы белгиленди.

«Сатр» гезити «Биржа тарыхында алгач ирет 115 миң баллдын үстүнө чыкты» деген кабарында Борбордук банктын аракети менен 3лира 86 куруш деңгээлине түшкөн доллар баасы, АКШ менен Түркиянын арасында болгон виза кризисинин жумшарышы менен чукул төмөндөгөнүн баяндаган. «АКШ чектелген тейлөөсн баштады» аттуу кабарынан мурда 3 лира 87 куруш деңгээлине жеткен доллар курсу 3 лира 83 куруш деңгээлине чейин төмөндөдү. Стамбул Биржасында да 3 пайцыздан жогору өсүү болуп 115,093 балл деңгээлине жетип рекорддого ээ болгонун белгилеген.



Тектеш кабарлар